11-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2023
Жазылуу
11-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Ишембиде күндүз тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерге туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүдө жана Таласта 0...-5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0...+5, Ысык-Көлдө -2...+3, ал эми Нарында -5...-10 градус суук болот.
Термометр бул күнү Бишкекте -3...-5 жана Ош шаарында +3...+5 градусту көрсөтөт.
ӨКМдин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун жарандык коргонуу кафедрасынын башчысынын орун басары, подполковник Марат Иргебаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2023
Радио
Жер титирегенде адам эмне кылышы керек. ӨКМдин түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0