Кыргызстан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкери. Архив
ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2023
Жазылуу
Мындан үч күн мурун 67 куткаруучудан турган топ жардамга барган болчу.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстан Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетин жоюуга жардам көрсөтүү үчүн дагы 100 куткаруучу жөнөтөт. Бул тууралуу президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Ал буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 67 куткаруучусу барып, үч күндөн бери иштеп жатканын белгиледи. Абытовдун айтымында, ушул жекшембиде дагы 100 куткаруучу атайын борт менен учуп кетүүгө даярдык көрүп жатат.
Эске салсак, 2023-жылдын 6-февралынын таңында Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен зилзала болгон. Түш ченде кайра кайталанган. Мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң күчтүү жаратылыш кырсыгы болуп калды.
Соңку маалыматтарда 12 391 адам каза таап, 62 914 киши жаракат алганы айтылды.
Түркияда иштеп жаткан Кыргызстандык куткаруучулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2023
Түркия: кыргызстандык куткаруучулар урандыдан 19 сөөктү алып чыгышты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0