Судьялар кымбат унааларды кайдан алып жатат? Жогорку Соттун төрагасынын жообу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков. Архив
Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2023
Жазылуу
Базарбеков сот тармагында иштеген байлар менен кедейлердин баарын анализдеп көрүүнү убадалады.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев соттор кандай жол менен байып, кымбат баалуу унааларды каяктан алып жатканына кызыкты.
Мындан улам ал Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековго кайрылып, текшерип чыгууну сунуштады.
"Жогорку Соттун имаратынын алдына барсаң жалаң кымбат баалуу BMW X7, Gelandewagen, Lexus 570, Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаалар турат. Судьяларда акча жок дейсиз, анда алар асмандан алып жатышабы же кудай "сен Жогорку Соттун судьясы экенсиң, ме" деп бердиби. Кандай жооп бересиз буга?" — деп сурады депутат.
Базарбеков бай да, кедей да соттор бар экенин белгиледи.
"Анан эмне кыл дейсиз? Өзү сиз абдан туура айтып жатасыз. Мен да көрөм ошондой бай сотторду. Анан кээде тамашалап "силердин самолёт, тик учагыңар дагы барбы?" деп сурайм. Өзүңүздөр көргөндөй акыркы күндөрү көптөгөн судьялар жумуштан кетишти, кээ бирлери кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатышат. Негизи кыргыз элинин байыганы, соттор да, карапайым адамдар да, депутаттар дагы байыса аябай сонун болот. Ошондо элибиз байып жатыптыр, демек, мамлекетибиз дагы бай деп айтат элек. Эми ыплас иштери менен байыганы болсо башка", — деди Жогорку Соттун төрагасы.
Токторбаев соттор ашыкча байып кетип жатканын белгилеп, бул маселеге көңүл бурууга чакырды. Анын айтымында, элдин сотторго ишеними кетип бара жатат.
Андан соң Базарбеков сот тармагында иштеген байлар менен кедейлердин баарын бир сыйра анализдеп көрүүнү убадалады.
Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2023
Жогорку Соттун төрагасы: соттор толук көз карандысыз болду дегенден алысмын
Жаңылыктар түрмөгү
0