9-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКар учурунда көчөдө бараткан адам. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2023
Жазылуу
9-февралга караган түнү тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл өрөөнүндө +3...+8, ал эми Нарында -2...+3 градус болору айтылды.
Бишкек менен Ошто күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +4...+6, Ошто +7...+9 градуска көтөрүлөт.
Жамгырдуу аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2023
Чүйдө бул жумада аба ырайы кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0