Бажы кызматы машина ташыган ишкерлердин маселеси боюнча жооп берди

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2023
Жазылуу
Нааразы болгондор 2021-жылкы машиналар 2022-жылга илешип калып, бажы алымы өсүп кетип жатканын айтып арызданышкан.
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматы чет өлкөлөрдөн автоунаа ташыган ишкерлердин каршылык акциясына чыгып көтөргөн маселеси боюнча жооп берди.
Бүгүн аталган мекеменин алдына 40ка чукул адам митинг уюштурган.
Алар Кыргызстанга ташылган автоунаа үчүн алынуучу бажы төлөмүнүн суммасы эч бир эскертүүсүз өсүп кеткенин айтып, нааразы болушкан. Аны менен катар машинанын чыккан убактысын стикерине эмес, айына карап эсептеп жатышканын белгилешкен.
Мамлекеттик бажы кызматы митингге чыккандар менен башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов баарлашканын билдирди. Ал бажылык тариздөө ЕАЭБ менен Кыргызстандын нормаларынын алкагында түзүлөрүн айткан. Анда 2021-жылдын сентябрында бекитилип, мурдатан бери күчүндө болгон бирдиктүү бажы тарифинин ставкалары колдонулат.
Бажы кызматы 2023-жылы бажы төлөмдөрүнүн жалпы көлөмүнө таасир этүүчү бажы наркын жана бажы алымдарынын тиешелүү ставкаларын аныктоо тартиби мурдагыдай эле, 2022-жылдын деңгээлинде калганын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкерлер менен биргеликте ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүү маселесин жана аны чечүүнүн жолдорун изилдөө боюнча жумушчу топ түзүүнү макулдашты.
Бажы кызматы ошондой эле жеке колдонуу үчүн сатып алынган автоунаалардын жана мотоциклдердин кыймылдаткычынын иштөө көлөмүн жана чыгаруу учурун аныктоонун тартиби бекитилгенин эскертти. Ал 2017-жылы ЕЭК коллегиясынын чечими менен кабыл алынган.

Тартиптин жол-жоболору

Кыймылдаткычтын чыгарылган датасы жана иштөө көлөмү декларант жана бажы органы тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде аныкталат:
автоунаанын мурунку мамлекетте катталгандыгын ырастоочу документтерде көрсөтүлгөн чыгарылган датасы жана кыймылдаткычынын иштөө көлөмү жөнүндө маалымат;
идентификациялык номерде же идентификациялык чаптагычтарда, кузов плиталарында, шассиде жана рамалык плиталарда, автотранспорттун кыймылдаткычында көрсөтүлгөн өндүрүүчүнүн маалыматы.
Эгерде кыймылдаткычтын көлөмүн жана анын өндүрүлгөн учурун аныктоо үчүн маалымат жок болсо, анда көмөкчү маалымат булактарынын негизинде аныкталат. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү унаа өндүрүүчүнүн өкүлүнүн корутундусу же Соода-өнөр жай палатасынын же эксперттик уюмдун корутундусу болушу мүмкүн. Ошондой эле башка маалымдама жана маалымат булактары да жарайт.
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2023
Соцтармакта унааны каттоо кымбаттаганы айтылууда. Бажы кызматынын жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0