Айпери Медет кызы эл аралык беттеште күмүш медаль утту

© Фото / United World WrestlingОтечественная спортсменка по женской борьбе Айпери Медет кызы
Отечественная спортсменка по женской борьбе Айпери Медет кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2023
Жазылуу
Zagreb Open — 2023-жылдын биринчи рейтингдик мелдеши. Ага 600гө жакын спортчу катышты.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстандык Айпери Медет кызы эркин күрөш боюнча Zagreb Open турниринде күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү билдирди.
Турнир 1-февралда башталып, бүгүн, 5-февралда, Загреб шаарында (Хорватия) жыйынтыкталат. Бул 2023-жылдагы биринчи рейтингдик мелдеш. Ага 600гө жакын спортчу катышууда.
76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Медет кызы Индия менен Канададан келген атаандаштарын (экөө тең 5:0 эсебинде), андан кийин кытайлык кызды (6:1) жеңип, финалга чыккан эле. Бирок чечүүчү беттеште америкалык Елена Макойедге 2:4 эсебинде жеңилип калды.
Боксчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2023
Кыргызстандык алты мушкер Венгрияда өтө турган эл аралык турнирге катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0