Кыргызстандык алты мушкер Венгрияда өтө турган эл аралык турнирге катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековБоксчулар. Архив
Боксчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2023
Жазылуу
Мелдеш Дебрецен шаарында 6-февралда башталып, 12-февралга чейин уланат.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөлөрү Венгрияда өтө турган эл аралык турнирге катышат.
Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиргендей, мелдеш Дебрецен шаарында 6-февралда башталып, 12-февралга чейин уланат. Команданы башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана машыктыруучу Акыйкат Атабаев коштоп барат.
Турнирге катыша турган мушкерлер:
Асылбек Аманкул уулу – 48 кг;
Нуржигит Дүйшөбаев – 51 кг;
Санжар Сейдакматов – 57 кг;
Мунарбек Сейитбек уулу – 60 кг;
Жакшылык Таалайбеков – 67 кг;
Эркин Адылбек уулу – 86 кг.
Боксчу машыктыруучусу менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Азия чемпионаты: Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы 7 медаль утту
Жаңылыктар түрмөгү
0