Бир түндө мас болуп унаа башкарган 24 айдоочу кармалды

© AFP / PIERRE TEYSSOTАвтоууна түнкүсүн жолдо баратат. Архив
Автоууна түнкүсүн жолдо баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Жазылуу
Рейд учурунда жалпысынан 68 айдоочу жол эрежесин бузгандыгы аныкталды.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын атайын ротасы бир түн ичинде 24 мас айдоочуну кармады.
Мекемеден маалымдалгандай, кырсыктарды алдын алуу боюнча рейд 4-февралга караган түнү өткөн. Натыйжада 68 айдоочу жол эрежесин бузганы аныкталды.
Алардын ичинен:
24 учур – мас абалында унаа башкаруу;
4 учур – тиешелүү документтери жок транспорт каражатын айдоо;
40 учур – түрдүү жол эрежелерин бузгандар.
Түн ичинде айып короого 28 автоунаа жеткирилген. ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырып, мындай текшерүү иштери улантыларын эскертти.
Айдоочун күбөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Жогорку Кеңеш мас айдоочуларды күбөлүктөн ажыратуу мыйзамын кабыл алды
Жаңылыктар түрмөгү
0