00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Рафтинг в Сибири и дикие животные в Бишкеке — зоотехник «ЗооБишкека» о форуме и работе реабилитационного центра
16:08
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Дени сак бала — тынч ата-эне: күчтүү иммунитеттин сырлары
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Особый акцент
Любой с доверенностью мог прийти в суд вместо вас — почему Кыргызстан ужесточает требования к юридическим представителям
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Кыргыз улуттук кийим маданиятын өнүктүрүүгө жана сактоого салымы чоң — Айдай Асангулова
19:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Хроническая конфликтность - Кубат Рахимов о новом мировом порядке без правил
20:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана жаштар: Кыргызстанды кимдер дүйнөгө таанытат?
21:08
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Казынага салык эки себептен улам көбүрөөк түшө баштаганы айтылды

© Sputnik / Асел АкматМамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2023
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов товарга электрондук эсеп-фактураны талап кылуу жана контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү салыктын көбүрөөк түшүшүн шарттаганын айтты.
Быйыл Кыргызстандын Салык кызматы 248 миллиард сом өлчөмүндө салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу планын койду. Каражаттын 196 миллиард сомдон ашыгы салыктардан жана 51 миллиард сому камсыздандыруу төгүмдөрүнөн алынары болжолдонууда. Бул тууралуу Исламбек Кыдыргычов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Казынага салык эки себептен улам көбүрөөк түшө баштаганы айтылды
Анын айтымында, өткөн жылдан баштап ар бир товарга электрондук эсеп-фактура талап кылына баштагандыктан салыктык база кеӊейген.
"Бул жылга карата чогултула турган салыктын божомолдук көрсөткүчтөрдүн көбөйүшү биздин субъектилерди талдоо жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле ишкерлерди көмүскөдөн чыгаруудан келип чыгат. Фискалдаштыруу жүрүүдө, биз жыл сайын ири көлөмдөгү сумманы көмүскөдөн алып чыгууга аракет кылабыз. Өткөн жылы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча белгиленген план 204,2 миллиард сомду түзгөн. Ал 3 миллиард 18 миллион сомго ашык аткарылды. Товарга электрондук эсеп-фактураны талап кылуу жана контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү салыктын көбүрөөк түшүшүн шарттады. 2022-жылы ККМди колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсеге өстү. Бүгүнкү күндө мындай аппараттарды 65 миң 422 иш жүргүзүүчү субъект колдонот. ККМди колдонуунун көбөйүшү салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын, ошондой эле 10 миңден ашык гибриддик жабдыктарды ишкерлерге бекер таратуунун натыйжасы болду. ККМден 1 триллион 900 миллиард сом каражат өттү. Ошону менен бирге ККМден түшкөн каражаттын көбөйүшүнө "Чек талап кылып, байге утуп ал!" деген кызыктыруучу лотерея да таасир этти. Анын жүрүшүндө жарандар товарларды сатып алып же кызмат көрсөтүлүп жатканда кассалык чектерди активдүү талап кыла баштады. 2023-жылы аталган лотереянын жаңы айлампасында бардык катышуучулар сыйлыктарга ээ болушат. Себеби бул жылы акция баалуу белектерди таратуу жана кэшбэк өӊдүү эки долбоорду камтыйт", — деди Кыдыргычов.
Ал өлкөдөгү мекемелер салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөндүктөн мамлекетке 39,9 миллиард сом карыз экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0