Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Жазылуу
Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши ыктымал.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Жалал-Абаддагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 30-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Эртеси айрым жерлерде кар жаайт.
1-февралда тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 2-5-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Кар жаап атканда бараткан түгөй. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Кар жаайт. Кыргызстанда бир жумага карата аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0