Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Коргонуу тутумуна доо кетти". Он миңдеген жоокер курчоодо калышы ыктымал

© AP Photo / LIBKOSУкраиналык аскерлер. Архив
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Жазылуу
Регионалдык администрациянын башкы кеңешинин өкүлүнүн айтымында, Украина Куралдуу күчтөрү чоң жоготууларга дуушар болууда.
Жаңырган жылдагы россиялык армиянын алгачкы маанилүү тактикалык жеңиши, Донецк Эл Республикасындагы Соледарды бошотуу Артемовскини дагы тыгыз курчоого өбөлгө болду. Мындан ары эмне болорун Андрей Коц жоромолдоп көргөн. Анын кезектеги макаласы да РИА Новости сайтына жарыяланган.

Жол буулду

Россиялык күчтөр Артемовск менен Северскини байланыштырып турган кан жолду буушту. Ал жактан Украина Куралдуу күчтөрүн чыңдоого кошумча аскер тартып келе алышпайт. Соледар бошотулган соң Артемовскини түндүк-батыштан тегеректешти.
Бул плацдармдан чабуулчулар Раздоловка багытында түндүккө, Благодатныйда — түндүк, ал эми Красная Гора багытында түштүк-батышка карай жылууда. Мындан улам Украинанын коргонуу тутумуна жарака кетти дешке болот.
Түштүк тарапта да ийгиликтер жок эмес. Жакында эле Клещеевканы көзөмөлгө алды. Муну менен Артемовскиден Константиновкага кеткен стратегиялык маанидеги кан жолго беш-алты чакырым жакындашты. "Бахмут тобуна" күч кошуу, техника жана ок-дары менен жабдуу үчүн бул жолду пайдалануу эми кыйын.
Бирок азырынча Артемовскиден Славянскиге кеткен жол ачык. Ал жолду жабыш үчүн Красная Гора жана Парасковиевкадан украиналык жоокерлерди сүрүп чыгарылат. Ошондо Украина Куралдуу күчтөрүнүн миңдеген жоокерден турган тобу чар тарабынан курчоодо калат.
"Алар өжөрлүк менен күрөшүүдө, — дейт 1-армиялык корпустун Клим каймана атындагы офицери. — Бул жакта территориялык коргоочулар гана эмес, кадрдык аскерлер да бар. Жалданып келгендер, айрыкча, Польшадан келгендер арбын. Техника жана ок-дары аларда жетиштүү. Бирок бизде артиллериялык залп кыйла салмактуу. Бул тилкеде замбирекчилер менен чалгындоочулардын өз ара аракет этүүсү да жакшы жолго коюлган".

Артемовскидеги салгылаш

Аталган калаанын өзүндө кармаш жүрүүдө. Чабуулдук бөлүктөр шаардын чыгыш жана түштүк тарабынан орун алышкан. "Ахмат" атайын багыттагы отряддын командири Апти Алаудинов журналисттерге курган маегинде жакында Украина Куралдуу күчтөрүн ыкчам курчоо туурасында кеп кылууга болорун билдирген.
Анын айтымында, россиялык аскерлер турак үйлөр тарапка кылдаттык менен кирүүдө, анткени жай тургундар аз эмес. Шаар бошотулары менен Донецк Эл Республикасынын бийлиги бул жакта гуманитардык жардам көрсөтүүчү ири борборду ачышат. Анткен менен украиналык күчтөр узакка коргонууга камылга көргөнү маалым. Салгылашка жаңы бөлүктөрдүн баары тартылууда. Батыш маалымат каражаттары Украина Куралдуу күчтөрү күн сайын жоготууларга дуушар болуп жатканын, өлүм саны үч орундуу көрсөткүчтө экенин белгилешет.
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Германия канцлери Украинадагы жаңжалдын аякташы боюнча божомолун айтты
Артемовск — 70 миңдей киши байырлап келген кыйла чоң калаа. Аны жоготуу "бир кулач жер бербейбиз" деп кайталаган киевдик бийликтин беделине катуу доо кетирерин белгилешет талдоочулар. Ошондой эле НАТОнун мындан ары курал менен камсыздоосу фронттогу кырдаалга жараша болору ырас. Батыштагылар Украина Куралдуу күчтөрү алкоого татырлык ийгилик жарата алса азыркылардан да күчтүү куралдарынан бөлүшүүгө даяр.
Артемовск — маанилүү транспорттук түйүн, азыркы күнгө дейре Донбасстагы Украина Куралдуу күчтөрүнүн бүтүндөй тобун дал ушул жактан жабдып келишкен. Мында жолдор Славянск, Северск, Лисичанск, Попасная, Светлогорск, Горловка жана Константиновкага чейин чыгат. Демек, россиялык күчтөрдүн мындан аркы чабуулу үчүн плацдармын ушундан билүүгө болот.

Түштүктөн алаксытуу

Жакында AFP агенттиги америкалык таасирдүү аткаминерге шилтеме кылуу менен Пентагон Киевге Северск — Артемовск түйүнүн таштап чыгып, батыш багытында коргонууну өтүнгөн.
Америкалык кеңешчилер Украина Куралдуу күчтөрүн бул жакка аскер жана техниканы жеткирүү натуура экенин эскертишкен, себеби мында да артыкчылык Россия тарапта. Океандын ары жагындагылар андан көрө күчтү көктөмдө түштүктөн чабуул коюуга топтоо зарылдыгын айтышкан. Бирок Киев кулак салбастан башкача чечим кабыл алган.
Ошол эле убакта россиялык күчтөр Запорожье облусунда да активдешти. Регионалдык администрациянын башкы кеңешинин мүчөсү Владимир Рогов маалымат каражаттарына украиналык бөлүктөр салгылашкан жерде ондогон калктуу конуштарды таштап, чегингенин кабарлады. Атап айтканда, чыгыш жакка, Орехов районуна кетишти.
"Биздин армия чабуулун улантууда. Коргонуунун экинчи, үчүнчү чийиндериндеги украиналык күчтөр жайгашкан жерлер аныкталды. Биринчисине андан мурун эле чара көрүлгөн. Россиялык аскер бөлүктөрүнүн тактикалык ийгиликтери, тагыраак, артиллерия жана авиациянын таамай ишинен улам фронттун чийини акырындап облустун түндүгүнө карай жылууда", – дейт Рогов.
Регионалдык администрациянын башкы кеңешинин өкүлүнүн айтымында, Украина Куралдуу күчтөрү чоң жоготууларга дуушар болууда. Башка багыттарда, эң оболу Артемовскиде туруштук бере албай калышчудай, анткени алар үчүн кырдаал күндөн-күнгө начарлоодо. Бул калаа Донбасс үчүн негизги кармаш жүрө турган Краматорск менен Славянскиге жол ачат.
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден Украинага Abrams танкаларын жөнөтөрүн жар салды. Россиянын жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0