Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Суунун тарифин көтөрүүгө убакыт келди. "Бишкек суу каналдын" түшүндүрмөсү

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Чыңгыз Жумалиев
Бишкек суу канал өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Чыңгыз Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Жазылуу
"Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Чыңгыз Жумалиев аталган ишкананын түзүлгөнүнө 93 жыл болгонун айтты.
2022-жылдын 10-ноябрында "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 93 жылдыгын белгиледик. Мекеме борбор калааны таза суу менен камсыздап, агынды сууларды кабыл алып тазалап, 1,5 миллиондон ашык адамды, анын ичинде 50дөн ашык турак жай конушун, тогуз айыл аймагын камтыйт. Шаардык суу системасынын жалпы узундугу 2313,7 чакырым, анын ичинен суу түтүктөрү 1 546 чакырым, канализациялык тармактар 767,5 километрди түзөт. Бул тууралуу Чыңгыз Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Суунун тарифин көтөрүүгө убакыт келди. "Бишкек суу каналдын" түшүндүрмөсү
Анын айтымында, "Бишкек суу канал" ӨЭБдин балансында 300 кудук, 305 насостук станция, 37 суу алуучу курулуш жана төрт канализациялык насостук станция бар.
"Акыркы жылдары ишканада жетишкендиктер болуп жатат. Бирок эскирген суу системалары — авариялардын негизги себеби. Жер астындагы коммуникация өткөн кылымдын 50-70-жылдарына таандык. Ошол эле учурда ишкананын негизги жабдыктарынын 80 пайызы эскирсе, алардын 70 пайызы толугу менен жарактан чыккан. Мунун кесепетинен өткөн жылы 12 439 жолу авария катталды. Ошону менен бирге көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатат, натыйжасы байкалууда. Бирок суу түтүк жана канализация чарбасын толугу менен тартипке келтирүү иштери бир жылда эле бүтүп калбайт, ири каражатты талап кылат. "Бишкек суу канал" өз күчү менен 35 километр суу түтүктөрүн, 10 чакырым канализацияны алмаштыра алат. Ошондой эле үй ичиндеги 22 километр суу түтүгүн жаӊылоо мүмкүнчүлүгү бар. Бирок финансылык кыйынчылыктардан улам жылына болгону алты километр суу түтүгү, 400 метр канализация жана төрт километр үй ичиндеги суу түтүктөрү орнотулууда. Акыркы жылдары туура эмес тарифтик саясаттан улам ишканада көп кыйынчылыктар жаралды. Суунун бир куб метрине (1 000 литр) Бишкектин бир тургуну 8 сом 10 тыйын өлчөмүндө төлөшү керек деп бекитилген. Ал эми 1 000 литр суунун өздүк наркы 12 сомдон ашык болуп жатат. Агынды суулар жана аны тазалоо тарифи бир куб метри үчүн 2 сом 30 тыйын өлчөмүндө бекитилген. Белгилей кетчү нерсе, Бишкектеги ичүүчү сууга тарифтин баасы Кыргызстандын ушундай эле суу менен камсыздоо ишканаларыныкына караганда бир нече эсе төмөн. Айыл аймактарда бир куб метр суунун баасы 30 сомго чейин жетет. Бишкекте ички миграциядан улам калк көп. Андыктан элди үлгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо үчүн суунун тарифин көтөрүүгө убакыт келди", — деди Жумалиев.
Ал "Бишкек суу канал" ӨЭБи эң көп электр энергиясын керектөөчү ишкана экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0