Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Дипломат: Abrams жана Leopard танкалары россиялык Т-80ге жетпейт

© Фото / U.S. Army / Sgt. Nathan FrancoАмерикалык танк M1A2 Abrams. Архив
Америкалык танк M1A2 Abrams. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Жазылуу
АКШ бийлигинин маалыматы боюнча, машиналарды Украинага жеткирүүгө бир нече ай кетет.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Батыш Украинага бермек болгон Abrams жана Leopard танкалары россиялык өндүрүштөн чыккан Т-80 танкасына жетпейт. Бул тууралуу Венада аскер коопсуздугу жана куралданууну көзөмөлдөө маселелери боюнча сүйлөшүүдө РФ делегациясынын жетекчиси Константин Гаврилов билдиргенин РИА Новости жазды.
"Танк — бул курал-жарак орнотулган кадимки куту. Abrams менен Leopard эч өзгөчөлөнө албайт, керек болсо биздин Т-80ден да начар. Аскер кызматындагылардын баары эле билет муну", — деди Гаврилов "Россия 24" телеканалына маек куруп жатып.
Эскерте кетсек, шаршемби күнү Германия Украинага Leopard 2 танкаларын берүүнү чечкен. Берлин эки танк батальонун түзүүнү көздөп жатат. Биринчи этапта бундесвердин запасында турган A6 тибиндеги 14 Leopard 2ден турган рота жөнөтүлөт. Буга кошумча, украиналык жоокерлер Германияда окуудан өтмөкчү. Экинчи этапта логистика, ок-дары жана техникалык тейлөө жагы каралат.
Ошол эле күнү Ак үй дагы Украинага M1 Abrams танкаларынан 31ди жөнөтө турганы кабарланды. АКШ бийлигинин маалыматы боюнча, машиналарды жеткирүүгө бир нече ай кетет. Мындан тышкары, Вашингтон Киевге танкаларды тейлөө үчүн оңдоп-түзөөчү жана эвакуциялоочу М88 үлгүсүндөгү сегиз машина жөнөтүүнү пландоодо. Ак үй Украинага жөнөтүлгөн курал-жарак коргонууга эле эмес, Крым баштаган аймактарды кайтарууга жардам берерин боолголоп жатат.
Россия буга чейин Украинага курал-жарак жөнөтүлүшүнөн улам НАТО мамлекеттерине нота жиберген. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Украинага делген аскерий жүктүн баары Россия армиясы үчүн мыйзамдуу бутага айланарын билдирген болчу.
Украиналык жоокер мойнунда украин герби менен татуировканы көрсөтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада мобилизация кандай жүрүп жатат. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0