Теңиз Бөлтүрүк Кумтөр 2025-жылы жабылып калышы мүмкүндүгүн эскертти

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын кызматкери жумуш учурунда. Архив
Кумтөр Голд Компани ЖАКтын кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2023
Жазылуу
Мурдагы жетекчи Кумтөрдө кадрлардын тартыштыгы олуттуу көйгөй жаратып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кумтөр мамлекетке өткөндө сырттан башкарып турган Теңиз Бөлтүрүк алтын кен 2025-жылы жабылып калышы мүмкүндүгүн эскертти. Анын жазган катын адвокаты Кайсын Абакиров жарыялады.
"Эгер азыр Кумтөрдү өнүктүрүүнүн дыкат ойлонулган жана прагматикалык стратегиясын иштеп чыгууну баштабаса, 2025-жылы Кумтөр калдыктарга толуп ишин токтотууга аргасыз болот. Ал эми жети жылдан кийин такталган алтын запастары түгөнөт. Аталган жагдай өлкө жетекчилигинин аброюна катуу сокку урат, себеби президенттин күчү менен гана Кумтөрдү Кыргызстан элинин менчигине кайтарууга жетишкенбиз", — деди Бөлтүрүк.
Ошондой эле ал учурда Кумтөрдө кадрлардын тартыштыгы олуттуу көйгөй жаратып жатканын белгиледи. Бөлтүрүктүн айтымында, геолог-чалгынчы, геотехник, инженер-изилдөөчү, долбоорлоо инженер жана менеджерлер жетишпей жатат.
"Мурда бул позицияларды чет элдик адистер жана консультанттар аркалап турган. Азыр биз Кумтөр үчүн эле эмес, жалпы жонунан улуттук кадрларды тез арада даярдашыбыз керек. Кумтөр чукул өзгөрүүлөргө, технологиялык модернизацияга, IT технологияларды киргизүүгө муктаж", — деп кайрылды Бөлтүрүк.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. Мындан улам жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк 13-сентябрда кармалып, учурда тергөө абагында отурат.
Андан мурда Эсеп палатасы "Кумтөр голд компани" ишканасынан финансылык алешемдиктерди аныктап, компания жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк менен финансы директору Рыспек Токтогулов кызматтан четтетилген.
Кумтөр Голд Компани жабык акционердик коомунун мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2023
"Кумтөрдүн" издөөгө алынган мурдагы аткаруучу директору аэропорттон кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0