21-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей ДаничевЗимняя дорога
Зимняя дорога - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2023
Жазылуу
21-январга караган түнү айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Ишембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болуп, маал-маалы менен туман түшүп турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -1...+4, Талас, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0...+5, ал эми Нарында -10...-15 градус суук болот.
Термометр бул күнү Бишкекте -1...+1 жана Ош шаарында +3...+5 градусту көрсөтөт.
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2023
Күн жылыйбы? Февраль айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0