Күн жылыйбы? Февраль айына карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2023
Жазылуу
Абанын айлык орточо температурасы Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында климаттык нормага жакын болот.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет февраль айына карата аба ырайы тууралуу маалымат жарыялады.
Абанын айлык орточо температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында нормадан 1-1,5 градуска жогору болушу күтүлөт. Ал эми Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл аймактарында, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен райондорунун тоолуу аймактарында климаттык нормага жакын болот.
© Фото / пресс-служба Кыргызгидромет

Февральдагы абанын орточо температурасы

Февральдагы абанын орточо температурасы - Sputnik Кыргызстан
1/2

Февральдагы абанын орточо температурасы

© Фото / пресс-служба Кыргызгидромет

Февральдагы жаан-чачындын орточо көлөмү

Февральдагы жаан-чачындын орточо көлөмү - Sputnik Кыргызстан
2/2

Февральдагы жаан-чачындын орточо көлөмү

1/2

Февральдагы абанын орточо температурасы

2/2

Февральдагы жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Абанын орточо температурасы 0…-2 болуп, Чүй өрөөнүнүн түндүк бөлүгүндө -2…-4, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…-6 болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -9…-14 сууктан 0…-5ке чейин, күндүз 0…5тен 8…13 градуска чейин жылыйт. Калган күндөрү суук түшүп, абанын температурасы түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6 градуска чейин түшөт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде ай ичинде түнкүсүн -11…-16дан -2…-7 градуска чейин, күндүз -3…+2ден +3…+8 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.

Талас облусу

Абанын орточо айлык температурасы -2…-4 градус болот. Ай ичинде түнкүсүн -10…-15тен -1…-6га чейин, күндүз -1…+4төн +7…+12 градуска чейин жылыйт.

Ош облусу

Абанын орточо температурасы 0…+2 градус болуп, тоолуу райондордо 0…-2 градуска чейин түшөт.
Ай ичинде түнкүсүн -1…-6 градустан 0…+5 градуска чейин, күндүз +1…+6дан +9…+14 градуска чейин жылыйт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде түнкүсүн -6…-11 градустан -4…+1 градуска чейин, күндүз -2…+3 градустан +8…+13 градуска чейин жылышы мүмкүн.

Жалал-Абад облусу

Абанын орточо температурасы 0…+2 градус болуп, тоо этектеринде 0…-2 градуска чейин түшөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градустан 0…+5 градуска чейин жылып, күндүз +1…+6 градустан +9…+14 градус болот.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде түнкүсүн -6…-11 градустан -4…+1ге чейин, күндүз -2…+3төн 8…13 градус жылышы мүмкүн.

Баткен облусу

Абанын орточо айлык температурасы 0…+2 градус болуп, тоо этектеринде 0…-2 градус суук болот.
Ай ичинде түнкүсүн -1…-6дан 0…+5 градуска чейин, күндүз +1…+6дан +9…+14кө чейин өзгөрүп турат. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -6…-11 градустан -4…+1 градуска чейин, күндүз -2…+3төн 8…13 градуска чейин жылыйт.

Ысык-Көл облусу

Абанын орточо айлык температурасы -1…-3 градус болуп, чыгыш бөлүгүндө -4…-6 градус суук болот.
Ай ичинде түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1ден 2…7 градусту көрсөтөт.

Нарын облусу

Абанын орточо айлык температурасы -10…-12 градус болуп, Кочкор районунда -5…-7 болот. Абанын температурасы түнкүсүн -15…-20дан -5…-10го чейин, күндүз -7…-12ден -3…+2 градус жылыйт.
Суук ара ырайында көчөдө бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2023
Катуу суукта үшүктөн сактай турган тогуз эреже
Жаңылыктар түрмөгү
0