15-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте туман учурунда көчөдө жүргөн аял. Архив
Бишкекте туман учурунда көчөдө жүргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2023
Жазылуу
15-январга караган түнү жолдор тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болуп, маал-маалы менен туман түшүп турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй жана Талас жергесинде -6...-11, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -3...-8, Ысык-Көлдө -4...-9, ал эми Нарында -18...-23 градус суук болот.
Термометр эртең Бишкекте -8...-10 жана Ош шаарында -5...-9 градусту көрсөтөт.
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2023
Күн жылыйбы? Февраль айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0