ОСАГО полисин берген Кыргызстандагы 10 компанияны ким башкарат. Тизме

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүЖетекчилер. Архив
Жетекчилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2023
Жазылуу
1-апрелден тарта кыргызстандык айдоочулар ОСАГО полиси жок болсо айып пул төлөй турган болууда. ОСАГОну камсыздандыруучу компаниялар ишке ашырат. Sputnik ал мекемелерге кимдер жетекчи экендигин көздөн өткөрдү.
Камсыздандыруу полисинин базалык баасы — 1 680 сом. Суммага коэффициент таасирин тийгизет. Алар: автоунаанын тиби, стаж жана айдоочунун жаш курагы, кырсыктабай айдаган стажы, техникалык кароодон өткөн-өтпөгөнү жана камсыздандыруунун мөөнөтү. Камсыздандыруу канча турарын калькулятордун жардамы менен эсептеп, билип алса болот.
1-апрелге чейин автокамсыздандырууну жасап жетишип калбагандарга айып чыгат. Ал жөнөкөй жарандар үчүн 3 000 сом болсо, юридикалык тараптарга 13 миң сом деп каралган.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы ОСАГО боюнча кызмат көрсөткөн 10 компанияны тизмектеди. Төмөндө алардын уставдык капиталы жана кайсы жылы түптөлгөнү боюнча өздөрүнүн расмий сайтынан маалыматтарды алып беребиз.

"Камсыздандыруу боюнча мамлекеттик уюм" ачык акционердик коому

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2015-жылы түзүлүп, анда уставдык капиталы 50 миллион сом болгон. Анын бирден-бир түптөөчүсү – Мамлекеттик мүлк фонду. Анын башкармалыгынын төрагасы — Абдралиева Гулмира Курманбековна.
2010-жылдан тарта Транспорт жана коммуникация министрлигинде ар кыл кызматтарда иштеген, андан ары өкмөттүн аппаратында бул тармакты жөндөп келген. 2021-жылдын август айынан бери аталган министрликти жетектеген. Төрайымдын эки орун басары бар. Алар — Рыспаев Тимур Бейшенбекович менен Жантаев Азисбек Темирбекович.
Рыспаев (же анын ысымдашы – ред.) аттуу фамилия "Ак-Босого" турак жай - сактык, кредиттик компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү катары көрсөтүлгөн. Жантаев да (же анын ысымдашы – ред.) өкмөттүн аппараты менен президенттин администрациясында эмгектенген.

"СК "Алма Иншуренс" жабык акционердик коому

Компания 2015-жылы түзүлгөн. Уставдык капиталы — 150 миллион сом. Юстиция министрлигинин базасында жетекчи деп Кравченко Александр Михайлович аттуу киши көрсөтүлгөн. Мекемени алты акционер түптөгөн, алардын аты-жөнү базада көрсөтүлгөн эмес. Түзүүчүлөр арасында чет элдиктер да бар экени айтылган.

"СК "Атн полис" ЖАКы

Компания 2001-жылы түптөлгөн. Уставдык капиталы — 150 миллион сом. Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, түптөөчүлөр арасында чет элдиктер бар. Генералдык директору — Сулайманов Нурлан Эсенгазиевич. Аткаминер, Бакиевдин бийлиги учурунда транспорт министри болуп турган, ЖКга да шайланган Нурлан Сулайманов (Чолпонбаевич) менен алмаштырып албаңыздар.
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2023
Соцтармакта унааны каттоо кымбаттаганы айтылууда. Бажы кызматынын жообу

НСК ЖАКы

Камсыздандыруучу бул компания 2007-жылы түзүлгөн. Уставдык капиталы — 150 миллион сом. Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, түптөөчүлөр арасында чет элдиктер жок, жетекчиси Ким Лариса Евгеньевна деп көрсөтүлгөн. Компаниянын сайтында НСКнын директорлор кеңешинин төрагасы деп Кемелов Талантбек Эркинович аттуу адам көрсөтүлгөн. Ал камсыздандыруу тармагында 2008-жылдан тарта иштеп келгени, андан сырткары, Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company, "А Плюс" компанияларында эмгектенгени айтылган.
Кемелов 2021-жылы "Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясынан" ЖК шайлоосуна катышкан.
Сайтта башкы директор катары Миранов Темир Миранович аттуу адам жазылган. Анын аталган тармак боюнча карьерасын НСКда баштаганы, "АТН Полисте" үч жыл эмгектенгени маалым болду. Башкы директордун орун басары — Рыспеков Бектурат Рыспекович, ал "Ингосстрах" компаниясында эмгектенген.

"СК "Арсенал-Кыргызстан" ЖАКы

Компания 2013-жылдан бери иштейт. Уставдык фонду — 150 миллион сом. Жетекчиси — Арзыматов Сыргак Жумадилович. ЖМКларда КРдин Юристтер ассоциациясынын төрагасы катары жазылып жүрөт. Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, түптөөчүлөр арасында чет элдиктер бар.

"СК "Аю Гарант" ЖАКы

"СК "Аю Гарант" камсыздандыруу компаниясы ишин 2012 –жылы баштаган. "АЮ Холдингдин" бир түзүмү. Негиздөөчүсү — Шаршенбек Абдыкеримов. "Кыргызстан" партиясынын түзүүчүсү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин экс-президенти.
Уставдык капиталы — 400 миллион сом. Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, түптөөчүлөр арасында чет элдиктер жок.
"АЮ Гаранттын" директорлор кеңешинин мүчөлөрү: Жуматаев Таалай Намазбекович, Мамбетов Кубаныч Сатындиевич.
"АЮ Гаранттын" башкармалыгынын төрагасы — Акматбеков Руслан Жумакулович.
ОСАГО полистин бланкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2022
ОСАГО: 1-апрелден тарта айдоочулар айыпка жыгылышы мүмкүн. Чоо-жайы

"Мега Иншуренс Групп" ЖАКы

Компания 2008-жылы түзүлгөн. Уставдык фонду — 250 миллион сом.
Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, түптөөчүлөрдүн бири катары Исаков Борис Юрьевич аттуу жаран көрсөтүлгөн. Дагы башка түзүүчү катары Батырбек уулу Алымбек аттуу жаран жазылып жүрөт. Түптөөчүлөр арасында чет элдиктер жок.

Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company ЖАКы

Былтыр, тагыраагы, 2021-жылы, компания 25 жылдыгын белгилеген.
Уставдык капиталы — 150 миллион сом. Юстиция министрлигинин базасында жетекчи Хегай Валерия Ивановна аттуу айым көрсөтүлгөн. Түптөөчүлөр арасында чет элдиктер жок.

СК "Кыргызстан" ЖАКы

Компания 1991-жылы түзүлгөн. Уставдык капиталы — 160 миллион сом. Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, 32 түптөөчү көрсөтүлгөн, бирок арасында чет элдиктер жок.
Директорлор кеңешинин төрайымы — Аденова Мария Сафаровна. Экономика жана финансы тармагында 40 жылдан бери иштеп келет. Мамлекеттик кызматтарда, премьер-министрдин аппаратында эмгектенгени маалым болду. "Керемет банктын" тобокелдиктер боюнча башкармалыгында комитетти жетектеген. Директорлор кеңешинин мүчөсү катары Жолдошева Айдай Жумакуновна жана Эгембердиев Өмүрбек Амантурович аттуу жарандар көрсөтүлгөн.
Башкы директору — Данияр Медеров. Мамлекеттик кызматтарда, бизнес-сектордо, чет элдик компанияларда иштеген. Андан сырткары, "Азия банкынын" директорлор кеңешинин курамынын мүчөсү.

"СК "А Плюс" ЖАКы

Камсыздандыруу компаниясы 2006-жылы FCB Insurance деген ат менен ишмердүүлүгүн баштаган. Азыркы аталышына 2012-жылы өткөн. Уставдык капиталы — 580 миллион сом. Юстиция министрлигинин базасында Зинченко Ирина Алексеевна аттуу айым жетекчи деп көрсөтүлгөн. Түптөөчүлөр арасында чет элдиктер жок.
Майды аз ичкен автоунаалардын баасы жыл ичинде кандай өзгөрдү. Инфографика - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Майды аз ичкен автоунаалардын баасы жыл ичинде кандай өзгөрдү. Инфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0