Улуттук банк былтыр сомдун курсун кармап туруу үчүн канча коротконун айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовДоллар жана сом купюралары. Архив
Доллар жана сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2023
Жазылуу
2022-жылы валюта курсу өйдө-ылдый болуп, март айында доллардын баасы 100 сомдон ашкан.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Улуттук банк өткөн жылы валюталар рыногуна кеминде 486,5 миллион доллар саткан.
Эске салсак, өлкөнүн башкы банкы курс олку-солку болгон мезгилде же америкалык акчанын тартыштыгы, болбосо, тескерисинче, көп болгон учурда доллар алат же сатат. Бул үчүн Улуттук банктын алтын-валюталык резерви бар.

Валюта сатуу

Валюта операциялары боюнча маалыматтар көрсөткөндөй, өткөн жылы УБ сегиз жолу жалпысынан 419 миллион 850 миң доллар саткан. Анын ичинде эки ирет рекорддук интервенция жасалган.
Бирок анда акчанын накталай эмес түрдө гана сатуусу көрсөтүлгөн.
Ошол эле учурда 4-мартта жана 10-мартта эки ирет накталай сатылган. Анда жалпысынан 66 миллион 650 миң доллар рынокко чыгарылган.
Ушуну менен өткөн жылда кеминде 486,5 миллион доллар сатылганы белгилүү болду.

Доллар сатып алуу

Өлкөнүн башкы банкы акыркы төрт жылда биринчи жолу чет элдик валютаны сатпастан, сатып да алды. Жалпысынан 190 миллион 740 миңге жети жолу чет элдик валюта алган. Бирок анда накталай доллар сатып алынганы айтылган эмес.
Берилген маалыматтардын негизинде Улуттук банк интервенцияларга 295 миллион 760 миң доллар короткондугун эсептөөгө болот.
Өткөн жылы валютанын курсу өзгөрүп, март айында доллар 107 сомду түзгөн. Акыркы убакта өлкөдө накталай доллардын тартыштыгы байкалып, аны накталай алуу үчүн комиссия төлөөгө туура келип жатат.
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Улуттук банк жетинчи ирет интервенция жасап 60 млн. доллар сатты
Жаңылыктар түрмөгү
0