7-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин көчөлөрүнүн биринде жолду кесип өтүп бара жаткан аял. Архив
Бишкектин көчөлөрүнүн биринде жолду кесип өтүп бара жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2023
Жазылуу
7-январда түнкүсүн өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Ишембиде жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда көчкү түшүү коркунучу бар. Дыйканчылык аймактарга жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас облусунда +6…+11, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +5…+10, Ысык-Көл жеринде +2…+7, Нарында 0…-5 градус болот.
Термометр Бишкек жана Ош шаарларында +8…+10 градусту көрсөтөт.
Бишкекте кар жааганда киши көчөдө баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2023
Кыргызстанда кийинки жумада аяз күчүнө кирип, 20 градуска чейин суук болот
Жаңылыктар түрмөгү
0