Акча жетпей жатабы? Эсеп-чотко начар экениңизди айгинелеген 5 белги

© Sputnik / Табылды КадырбековБанктык карталар жана миң сомдук купюралар. Иллюстративдик сүрөт
Банктык карталар жана миң сомдук купюралар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2023
Жазылуу
Негизи адамдын каражат жаатындагы көйгөйүнө көбүнесе карыз себеп деп айтылат. Бирок чыгымы кирешесинен аз болгон киши деле тобокелчилик тобуна кирет экен.
Айлык дагы беш күндөн кийин түшөт, бирок чөнтөк уй жалап кеткенсип бош калган учур болгондур. Анан жанталашып 1000-2000 сом сурап тургудай киши издей баштайт эмеспизби. Мунун баары адамдагы финансылык көйгөйдөн кабар берет экен. Кабарчыбыз дал ушул жагымсыз ирмемдер кантип башталарына көз жүгүртүп, беш белгисин санап берди.

Эч ким карызга акча бербей...

Банктан тарта досторуңузга чейин карызга акча бербей калышы — баш-аягыңызды жыйып ойлонууга себеп. Анткени карызды деле кайра кайтара ала турган кишиге берет. Балким, айрымдарын ушу кезге чейин кайтарбай жүргөндүрсүз же сизди көрүп-билгендер акчага анча жакшы эмес экениңизди байкаган чыгар.

Ойлонбой сатып алмай адаты

Пландалбаган кенедей бир оокат сатып алуу да бюджетиңизди четинен кертип отурат. Ал эми андай адатты калтырбай ойлонбой сатып алууга кынык алсаңыз, анда карызга батасыз. Анчейин зарылдыгы жок кайсы бир оокатты алууну самап турсаңыз да эксперттер бир сутка чыдап турууга кеңеш берет. Эртеси балким андан айнып калышыңыз ажеп эмес. Керексиз чыгашаларга да жол бербейсиз.

Акча каякка эле кетип жатат?!

Финансы жаатындагы эксперттер каражаттын эсеп-чотун алып туруш керек дешет, керек болсо чыгымдарды жазып туруш керек экен. Эгер айлыгыңыздын бир бөлүгү кайда кеткенин түшүнбөй калсаңыз, анда чыгашаны карап чыгыш керек. Жакшылап анализдеген киши сөзсүз ашыкча чыгымдарды таап чыгат, бул өз кезегинде боло турчу каатчылыкты алдын алат.

Каржы планына күтүлбөгөн чыгымдарды кошуу

Ар бир тыйындын эсебин билип, бардык чыгымдарды камтып, чыгашаңыз да кирешеңизге жараша, карыз алмай жок... Бирок бюджетиңизге күтүлбөгөн чыгымдар жазылбаса ай ичиндеги биринчи тойдон соң эле кыйналып каласыз. Мындай чыгымдарга анык бир сумма табуу үчүн чыгымдарыңызды азайтууга аракет кылыңыз.

Чыгаша киреше менен бирдей

Коопсуздук жаздыкчасы болушу керек. Жаман айтпай жакшы жок, кокус ооруп калсаңыз, иштен айдалып кетсеңиз же күтүүсүз жерден ремонт жасаш керек болуп калса сактап койгон каражат жардамга келет. Болбосо акча издөөгө мажбур болосуз.
Платина баалуу металлы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2022
Алтын менен чектелбе! Кыргызстанда баалуу металлдардан пайда табуунун жолдору
Жаңылыктар түрмөгү
0