Дарыкана, BMW X7, хан сарайлар... ЖКнын эң бай 8 депутаты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖыйындагы ЖК депутаты. Архив
Жыйындагы ЖК депутаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2023
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттарынын 2021-жылга карата киреше-чыгашасы жана мал-мүлкү тууралуу декларациясы жарыяланды. Sputnik Кыргызстан бул документ боюнча эң бай атыккан сегиз депутаттын тизмесин түздү.
Алардын арасында өлкөдөгү ири дарыкананы иштеткендер, бир нече курулуш компаниясы барлар, беш-алты автоунаа, турак жайга ээлик кылгандар бар. Бир эл өкүлүнүн бир жылда 100 миллион сомдон ашуун киреше тапкан.

Жылдыз Садырбаева

Жылдык кирешеси 105 миллион 828 миң сом, бирок чыгашасы тууралуу жазган эмес. Өзү ээлик кылган алты батирди ишкердик жүргүзүү колдонот, алардын жалпы аянты 559,4 чарчы метр. Ал эми өзүнүн жашаган турак жайы (дачадагы) 123,8 чарчы метрди түзөт.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Жылдыз Садырбаева
Депутат Жогорку Кенеша Жылдыз Садырбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2023
Дары-дармек саткан “Фарма мир"компаниясына толугу менен ээлик кылат. Land Rover үлгүсүндөгү автоунаа айдайт.
Ал эми жакын туугандарынын бир жылда тапкан кирешеси 8 миллион 354 миң сом. Алардын да чыгымдары көрсөтүлгөн эмес.

Алишер Козуев

Бир жылдык кирешеси 37 миллион 349 миң, чыгашасы 14,1 миллион сом. Айыл чарба багытындагы 0,69 гектар жери бар. Үлгүсү так жазылбаган Mercedes-Benz, BMW жана BMW X7 автоунааларында жүрөт. Жүк ташуучу Hyundai Porter машинасы да бар. Бодо малы 1,3 миллион сомго, кой-эчкилери 900 миңге, жылкысы 5 миллионго, үй канаттуулары 1,5 миллионго бааланат.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Алишер Козуев
Депутат Жогорку Кенеша Алишер Козуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2023
Жогоруда белгиленбеген дагы 49 миллион 780 миң сомдук кыймылдуу мүлктүн ээси.
Жакын туугандары 2021-жылы 7,7 миллион сом тапкан, бирок анын 505 миң сомун гана колдонгон. Көп кабаттуу үйдөгү 192,8 чарчы метрлик батирде жашайт. 22 чарчы метр болгон гараж дагы алышкан.
Lexus GX470 жана Toyota Highlander үлгүсүндөгү жолтандабастарды айдашат. Freightliner Century жана MAN19.464 деп аталган жүк ташуучу машиналардын ээлери.
2,5 миллион сомдук баалуу металдардан жасалган зер буюмдарды колдонушат. Бодо малы 600 миң, майда жандыктары 800 миң, жылкысы 1,2 миллион, үй канаттуулары 330 миң сом турат.
“Хан строй” деп аталган курулуш компаниясын иштетишет.

Жусупбек Коргонбай уулу

Депутаттын жылдык кирешеси 31 миллион 833,5 миң сом, чыгашасын ачыктаган эмес. Айыл чарба багытында эмес 2,3 гектар жери бар, ал эми айыл чарба багытындагысы 554,1 гектар. Бир үйүнүн аянты - 874, экинчисиники 22,5 чарчы метр.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Жусупбек Коргонбай уулу
Депутат Жогорку Кенеша Жусупбек Коргонбай уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2023
Lexus 570 үлгүсүндөгү жолтандабас айдайт. Аны менен катар 30 миллион сомдук ири мүйүздүү малы бар.
"КейДжи Восток сервис" курулуш компаниясында 49 пайыз, дүң соода менен алектенген “Жус-Бек Компани” ЖЧКсында 25 пайыздык үлүшү бар. Ал эми “Көк-Жатык” ишканасына толугу менен ээлик кылат.
Жакын туугандары 303,8 чарчы метрлик турак жайдын ээси. Башка мүлктөрү жазылган эмес, киреше-чыгашасы да жок.

Бакыт Тентишев

Жылдык кирешеси 63 миллион 645 миң сом, бирок анын канчасын короткону тууралуу отчет берген эмес. Батиринин аянты 187 чарчы метр, айыл чарба багытындагы 4,14 гектар жери бар. Mersedes E220 үлгүсүндөгү эки автоунаа сатып алган.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Бакыт Тентишев
Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Тентишев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2023
Жакын туугандары 663 миң сом тапкан, бирок чыгашасын көрсөткөн эмес. Алар аянты 40, 110, 46 жана 62, чарчы метрлик төрт турак жайга ээлик кылат.

Жаныбек Абиров

Кирешеси 19 миллион 772 миң, чыгашасы 8 миллион 618 миң сом. Үч батири бар, биринчиси — 122, экинчиси — 45, үчүнчүсү — 422, жер үйү 28 чарчы метр. Айыл чарба багытындагы жери 76,5 гектар, ал эми айыл чарба багытындагы жери 17,5 гектар.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Жаныбек Абиров
Депутат Жогорку Кенеша Жаныбек Абиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2023
Lexus 570 үлгүсүндөгү эки жолтандабас сатып алган. Короосунда 22 миллион сомдук бодо малы, 14 200 сомдук жылкысы бар.
Жакын туугандары 3 миллион 825 миң сом киреше тапкан, анын 7 миллион 650 миң сомун короткон. Үйүнүн алдындагы бакчасы 6 сотых, айыл чарба эмес багытындагы жери жети сотых.

Азиз Турсунбаев

Мурдагы жылы 666 миң сом тапкан. Жашаган үйү 327,3 чарчы метр.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Азиз Турсунбаев
Депутат Азиз Турсунбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2023
Lexus GX470 жана Toyota Land Cruiser Prado жолтандабастары менен жүрөт.
Жакын туугандары бир жылда 11 миллион 750 миң сом тапкан. Алардын 62,8 жана 191,8 чарчы метрлик батири, 184,29 “квадрат” турак жайы бар. Андан башка дагы жашоого ылайыкталган 132,9 чарчы метрлик имараты бар. БМВ Х7, Lexus 250 жана Toyota Camry унааларына ээлик кылышат.
Айыл чарба багытындагы 1 463 гектар жери бар.

Гүлшаркан Култаева

Жылдык кирешеси 1 миллион 404 миң, чыгашасы 513 миң сом. Үч батири бар, биринчиси — 94,6, экинчиси — 114,2, үчүнчүсү — 184 чарчы метр.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Гулшаркан Култаева
Депутат Жогорку Кенеша Гулшаркан Култаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2023
Айыл чарба багытындагы эмес жери 8,1 гектар, айыл чарба багытындагысы 6 гектар. Мындан сырткары, капиталдык курулуштарынын аянты 113,4 чарчы метр.
Toyota Camry унаасы бар, депозиттик жана сактоо сертификаттары 12 миллион сом.
Жакын туугандары тууралуу маалымат жок.

Бактыбек Сыдыков

Кирешеси 787 миң сом, чыгашасы жок. Айыл чарба багытындагы 24,25 гектар жери бар. Батири — 140,1, дачадагы үйү 49,94 чарчы метр. Андан башка эки турак жайдын ээси, бири — 141,19, экинчиси 181,2 чарчы метр.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Бактыбек Сыдыков
Депутат Жогорку Кенеша Бактыбек Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2023
Үйүнүн алдындагы бакчасынын аянты 3,75 гектар, эски үлгүдөгү “Газ 14” автоунаасы көрсөтүлгөн.
“Манас” эл аралык аэропорту” компаниясында 0,07 пайыз акциясы бар.
Жакын туугандарынын киришеси 680 миң. Айыл чарба багытындагы жери 1,35 гектар.
Белгилей кетсек, декларацияда "жакын туугандары" деп көрсөтүлгөн категорияга аялы же күйөөсү, жашы жете элек балдары кирет. Эгер камкордугуна алса, бул тизмеге ата-энеси, бир туугандары жана жашы жеткен балдары да кошулуп калат.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2022
Садыр Жапаровдун кандай байлыгы бар? 2021-жылдын декларациясы
Жаңылыктар түрмөгү
0