00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:07
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
10 апреля - День Сопротивления: как кыргызстанцы воевали в лесах Европы
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Цифровой сом — удобно или тревожно?
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Министрлик баланын өлүмүнөн улам дарыгерлердин кармалышы боюнча үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттыкты сактоо министрлиги. Архив
Саламаттыкты сактоо министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2023
Жазылуу
Министрлик окуядан улам иштен кетем деген медиктерди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкекте баланын өлүмүнөн улам дарыгерлердин кармалышы боюнча үн катты.
Буга чейин Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жана шаардык балдар ооруканасынын дарыгерлери кармалган. Соттон маалымдашкандай, беш дарыгерге №1 тергөө абагында калтыруу боюнча баш коргоо чарасы тандалган, дагы бир дарыгер үй камагына чыгарылган. Кармалган медицина кызматкерлерине Кылмыш жана жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгү ("Медициналык же фармацевтикалык кызматкерлердин профессионалдык милдетин талаптагыдай эмес аткаруусу") менен айып тагылган.
Мекеме билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчасына чыгарды.
"Саламаттыкты сактоо министрлиги балдар дарыгерлерине байланыштуу болуп жаткан окуяны өкүнүч менен белгилейт. Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, биз аларга таасир эте албагандыктан, кырдаалга байкоо салып гана тура алабыз. Буюрса, жакынкы күндөрү алардын абактан чыгышына ишенебиз жана үмүт артабыз", — деп жазылган маалыматта.
Министрлик чарчап калган наристенин жакындарына көңүл айткан.
"Ооба, дарыгерлер айрым учурда медициналык жардам көрсөтө албай калышат, бирок бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн акырына чейин зарыл болгон нерселердин баарын жасайт. Бул окуяга байланыштуу медицина чөйрөсүндөгүлөр жумушун таштап же иштен кеткиси келип жатканы тууралуу кептер айтыла баштады. Бардык медиктерди дүрбөлөңгө түшпөөгө жана мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.
Мекеме дарыгерлердин туугандары жана жакындары менен байланышта болуп, колдон келген жардамды берип жатканын белгиледи.
Ошондой эле мындан ары ушул сыяктуу жагдайларды болтурбоо үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилгени айтылат.
Бишкектеги тез жардам унаалары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2023
Шаяхметов: айлык көбөйгөнү менен тез жардам унаалары боюнча көйгөй курч
Жаңылыктар түрмөгү
0