Бишкек: инклюзивдик билим берүү борборунда бала сабалган. Милиция текшерүүдө

Өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2023
Жазылуу
Социалдык тармакта инклюзивдик билим берүү борборлорунун биринде (ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иштеген жай) бала ур-токмокко кабылган видео тараган.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Бишкекте бакчада баланын сабалган окуясы боюнча текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Милициянын маалыматында 3-январь күнү интернетке Бишкектеги жеке бала бакчалардын биринде баланы аял сабап жаткан видео тараган. Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган жана тиешелүү экспертизалар дайындалган.

"Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган окуя 5-кичирайондо жайгашкан инклюзивдик билим берүү борборлорунун биринде болгондугу аныкталды. М.Н. аттуу өспүрүм 2022-жылдын августтан тарта ал жакка барып жүргөн. Учурда тергөө иштери уланууда", — деп билдирди милиция.

Бөбөк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2022
Алайда сабалган бөбөк фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылды
Жаңылыктар түрмөгү
0