00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:09
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өзбекстанда дарыдан 19 баланын каза болушу. Мирзиёев аткаминерди иштен алды

© Фото / пресс-служба президента УзбекистанаӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2023
Жазылуу
Өзбекстанда КРВИге каршы "Док-1 Макс" дары каражатын колдонгондон кийин 19 бала каза болгондугу маалымдалган. Дары Индияда чыгарылган.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев КРВИге каршы дары каражатынан 19 баланын каза болгондугуна байланыштуу Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү боюнча агенттиктин жетекчиси Сардор Кариевди кызматынан бошотту. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Шерзод Асадов Телеграмм-каналына жазып, Мирзиёев бул кырдаалды катуу сынга алганын белгиледи.
"Самарканд менен Кашкар-Дарыядагы балдардын өлүмү бул аймактарда көзөмөлдүн жоктугун көрсөттү. Мен фармацевтикалык агенттиктин башчысы Кариевди кызматтан алдым. Буга күнөөлүүлөрдүн баары мыйзам алдында жооп берет", — деген президент.
Кариев агенттикти 2019-жылдан бери жетектеп келген. Ага чейин ал Jurabek Laboratories дары-дармек компаниясын 15 жыл башкарган.
КРВИге каршы "Док-1 Макс" дары каражатынан 18 бала каза болгондон кийин Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик коопсуздук кызматы кылмыш ишин козгогон болчу. Күнөөлүүлөр аныкталса 18 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Бул окуя боюнча дары каражатын импорттогон тараптын өкүлдөрү жана "Дары каражаттарын стандартташтыруу илимий борбору" ЖЧКсынын кызматкерлери кармалган. Тергөө иштеринин алкагында өткөн изилдөөлөр балдарга чыгарылган бул каражатта уулуу этиленгликоль бар экендигин аныктаган. Бул зат микроскопиялык дозада гана колдонулат. Ал негизинен жардыруучу заттарды, автоунаанын кыймылдаткычтары үчүн антифриздерди, айнек жуучу каражаттарды, айрым желим буюмдарды даярдоого колдонулары белгилүү болгон.
29-декабрда Кашкар-Дарыя облустук прокуратурасы "Док-1 Макс" каражатынан дагы бир бала каза болгондугун маалымдаган. Муну менен каза болгон балдардын саны 19га жеткен.
Sputnik Өзбекстан агенттигинин маалыматына ылайык, Индия өкмөтү "Док-1 Макс" дарысын өндүргөн Marion Biotech ишканасы боюнча иликтөө иштерин баштаган. Иликтөө иштерин Уттар-Прадеш штатынын Баңгизаттардын үстүнөн көзөмөл жүргүзүү жана лицензиялаштыруу башкармалыгы жүргүзүп жатат. Мекеме Өзбекстан өкмөтүнөн каза болгон балдар тууралуу маалыматтарды сураган.
Ооруканада жаткан кыз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2022
Өзбекстандагы дарыдан каза болгон балдардын саны 18ге жетип, кылмыш иши козголду
Жаңылыктар түрмөгү
0