Жолдошумдун сөз көтөрө албастыгы жаныма батты. Аялдын каты

© Фото / Pexels / RODNAE ProductionsАял жана эркек. Иллюстративдик сүрөт
Аял жана эркек. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жолдошунун кылыктарына нааразы болуп көңүлү калганын айткан келин кат жазган.
Саламатсыздарбы, менин психологго кат жазганыма күйөөм экөөбүздүн мамилебиз себеп болду. Биз деле, кудайга шүгүр, эл сыяктуу жакшынакай жашап келебиз. Бирок үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр бар. Ачыгын айтканда күйөөмдүн мүнөзүн өзгөрткүм келет. Уруша кетсек коркутуп сүйлөбөй жүрө берет. Ал ансайын ачууланып, каңырыгым түтөп жаман болом.
Ачуум келгени жашоосундагы бардык көйгөйдү, керек болсо туугандарындагы түшүнбөстүктөрдү да менден көрөт. Баарын ичинен ойлонуп жүрө берет окшойт. Нерви абдан жукарып кетти. Үйдө деле ар кайсыны айта бербейм. Ансыз деле сөз көтөрө албайт. Бара-бара өзүмө жакпаган нерсени деле айта албай калат окшойм. Акыркы кездери ачуусун кармай албай калды. Урушканда тамды муштагылап же өлүмдү айтып чыгат. Болбосо эшикке чыгып кетип жоголот. Мен бир нерсе болуп калабы деп коркуп жаман болом. Ушундан улам жүрөгүм да оорукчан болуп калды.
Ар бир аял күйөөсүнө сын айтат да. Ага айтпаганда кимге айтасың? Мен да жолдошума жаштыгымды арнадым. Үй жумуштарынан колум бошобойт. Үй-бүлөлүк чоң максаттарды коюп ошого талпынасың, бирок эркектин оозунан "сен душмансың" деген сөздү угуу абдан катуу тиет экен. "Оокат кылалы, алдыга жылалы" деген сөзүм үчүн мени жаман көрөбү, айтор, абдан таарынып калдым. Көңүлүм ооруп жүрөт. Үйдө жашоо кызыгы жок болуп калды. Жаш кезимде ажырашып кетүүнү ойлонсом, азыр аны деле ойлонбой калдым. Болгону менин да көңүлүм калды. Кайненем болсо дайыма баласынын сөзүн сүйлөйт. Ал да чогуу тургандыктан дайыма мени күнөөлөп, баласына тартып чырагына май тамызып турат. Төрт балам бар. Өлгүсү келгенин айтканда да абдан жаман болдум. Жоопкерчилиги жок турбайбы. Жашагысы келбесе, мынча баланы неге төрөтөт? Ал балдарды багып өстүрүү түйшүгүн мага түртүп коёт экен да. Ушул сөз кадимкидей менин ишенимимди жууп салды. Күйөөмдөн көңүлүм такыр калды. Азыр төрт баланын түйшүгү менен үйдөмүн. Үй ишинен эле колум бошобойт. Мүмкүн акча тапсам, үйдө кадырым болор беле деп калам. Биздин мамилебизге психологиялык баа бере аласызбы же бул баарында эле барбы?
Көчөдө бараткан аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Эл суктанган келбетим, мүнөзүм күйөөмдүн купулуна толбой койду. Келиндин каты

Психолог Сажира Абдыкаимова:

— Кат менен таанышкандан кийин менде көптөгөн суроолор пайда болду. Сиздин оюңузча үй-бүлө деген кандай болот? Эл сыяктуу деп жазыпсыз. Айланаңыздагы үй-бүлөлөрдүн мамилеси кандай? Жолдошуңузду өзгөртүү тууралуу жазган экенсиз. Табиятка каршы чыгып жатасыз. Өзүңүз өзгөрсөңүз башкалардын баары өзгөрөт. Өзгөрүүнү өзүңүздөн баштаңыз. Уруш деп эмнени айттыңыз? Балким, бири-бириңиздерди укпай жатасыздар. "Сен" позициясы — бул кыйратуучу позиция. Ал эми "мен" баарын ордуна коюучу позиция. Сиз кайненеңизге кандай мамиле жасап жатасыз? Укук жана милдет деген түшүнүк бар. "Менин келиним ушундай мамиле кылышы керек" деп өзүңүз туура көргөндөй кайненеңизге келин боло алдыңызбы? Ошондой эле жолдошуңуздан кандай мамиле күтсөңүз ага да ошондой мамиле жасашыңыз керек. Балага кандай мамиле кылып жатасыз? Өз түшүнүгүңүзгө туура келесизби?
Урушкандан кийин кантип табышасыздар? Уруштан ким утулат жана ким утат? Пикир келишпестиктен кийин кайра кантип табышасыздар? Эмне үчүн сиз жолдошуңузга өзүңүзгө жакпаган гана нерселерди айтып, жакшы нерселер менен бөлүшпөйсүз? Сиз оңдогуңуз, өзгөрткүңүз келген сайын жолдошуңуз каршылык көрсөткөн жокпу?
Бул каттын ээси да, күйөөсү да бала кыял экен. Үйдө кайнененин ролу чоң экени байкалып турат. Ал киши баласын коргоп, анын эр жетишин каалабайт окшойт. Бул түшүнбөстүктөр качан башталды? Же үй-бүлө кургандан бери эле ушундай мамиледесиздерби? Бет маңдай отуруп алып өзүңүздөрдүн көйгөй же бир күн өткөргөн күнүңүздөр тууралуу сүйлөшкөн учурлар болду беле? Ичиңиздегини ага ачык жеткиресизби?
Жолдошуңуздун "өлөм" деп коркуткан себеби эмнеде? Мүмкүн сизди өзгөртүү үчүн жасаган амалыдыр. Балким, буга чейин жакын адамыңызды жоготуп, андан соң өзгөргөн учуруңуз болгондур. Кыскасы, сиз психолог менен бир канча сессияларды жүргүзүп иштешиңиз. Көп тепкичтерди басып өтүшүңүз керек экен.
Терезенин алдында турган аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2022
Мен да куулук-шумдукту үйрөнгүм келет... Келиндин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0