Жапаров тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо боюнча жарлыкка кол койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров кол коюу учурунда. Архив
Президент Садыр Жапаров кол коюу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2022
Жазылуу
Максат Кыргызстандын эли үчүн уникалдуу баалуулукка ээ тарыхый-маданий мурастарга кам көрүү, сактоо жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону, изилдөөнү камсыз кылууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Жарлыктын максаты — Кыргызстандын эли үчүн уникалдуу баалуулук болгон тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу.
Анда министрлер кабинети караган үч айлык мөөнөттөгү 2023–2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу тууралуу айтылат.
Төмөнкү милдеттер бекитилген:
тарыхый-маданий мурас объектилерин жана аларды сактоо зоналарын коргоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу;
республикалык жана эл аралык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилеринин аймагында жаңы музей мекемелерин түзүү;
эл аралык стандарттарга ылайык, археологиялык эстеликтерди реставрациялоо жана музейге коюуну камсыз кылуу менен археологиялык казууларды, изилдөө иштерин жүзөгө ашыруу;
жергиликтүү деңгээлде тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо боюнча иштерди күчөтүү;
тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо жана пайдалануу боюнча мекемелердин материалдык-техникалык базасын алардын илимий, методикалык жана кадрдык ишин өркүндөтүү менен жакшыртуу жана өнүктүрүү;
Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын изилдөөнү жана өркүндөтүүнү караган предметтерди бардык деңгээлде билим берүү мекемелеринин окуу программаларына киргизүү;
маданий баалуулуктарды мыйзамсыз казууну, уурдоону, ташып келүүнү жана ташып чыгууну болтурбоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүү, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объектилерин издөө үчүн атайын техникалык каражаттарды (металл издегичтер, металл детекторлор, радарлар, магниттик жана башка электрондук приборлор) колдонуу, жүгүртүү эрежелерин жөнгө салуу.
Көчөдө бараткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Окуучулардын кышкы каникулу качан башталары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0