Жылмаюу, селфи, кол тамга. Бишкектеги президенттик балатынын ирмемдери
Жылмаюу, селфи, кол тамга. Бишкектеги президенттик балатынын ирмемдери
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын борборунда президенттик балаты болду. Sputnik Кыргызстан иш-чарадан тартып алган сүрөттөрдү окурмандарга сунуштайбыз. 29.12.2022, Sputnik Кыргызстан
Майрам Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында өттү. Ага өлкөнүн ар кыл бурчунан мыкты окуган, олимпиадада, эл аралык сынактар менен турнирлерде жеңген окуучулар, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон тартип коргоо жана аскер кызматкерлеринин, аз камсыз болгон бүлөлөрдүн балдары чакырылды. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөр келишти. Жалпы 1 100 бала майрамдады.Жаңы жылдык бул иш-чарага президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышты. Конокторго жеткинчектердин бий жамааттарынын күчү менен даярдалган "Жакшылык ыроологон Жаңы жыл" деген аталыштагы театралдык-музыкалык майрамдык программа тартууланды.Мамлекет башчысы майрамдын катышуучуларын куттуктап, келе жаткан жаңы жылда ири ийгиликтерди, кызыктуу идеяларды, жаңы ачылыштарды жана жеңиштерди каалады.Аягында балдарга президенттин атынан белектер тапшырылды.Тема боюнча:
Кыргызстандын борборунда президенттик балаты болду. Sputnik Кыргызстан иш-чарадан тартып алган сүрөттөрдү окурмандарга сунуштайбыз.
Майрам Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында өттү. Ага өлкөнүн ар кыл бурчунан мыкты окуган, олимпиадада, эл аралык сынактар менен турнирлерде жеңген окуучулар, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон тартип коргоо жана аскер кызматкерлеринин, аз камсыз болгон бүлөлөрдүн балдары чакырылды. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөр келишти. Жалпы 1 100 бала майрамдады.
Жаңы жылдык бул иш-чарага президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышты. Конокторго жеткинчектердин бий жамааттарынын күчү менен даярдалган "Жакшылык ыроологон Жаңы жыл" деген аталыштагы театралдык-музыкалык майрамдык программа тартууланды.
Мамлекет башчысы майрамдын катышуучуларын куттуктап, келе жаткан жаңы жылда ири ийгиликтерди, кызыктуу идеяларды, жаңы ачылыштарды жана жеңиштерди каалады.
Аягында балдарга президенттин атынан белектер тапшырылды.
Чакырылган конокторго жеткинчектердин бий жамааттарынын күчү менен даярдалган "Жакшылык ыроологон Жаңы жыл" деген аталыштагы театралдык-музыкалык майрамдык программа тартууланды