Канжалатуу, агрессия! Акаев жаштар эрежесиз мушташка ооп кеткенине тынчсызданды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2022
Жазылуу
Өз кезегинде Дастан Жумабеков спорттун ММА түрү менен машыккандын жаман жагы жок экенин айтты.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Канжалаганга чейин мушташкан, агрессия көрсөткөн спорт түрлөрүн жаштарга пропаганда кыла бербей, интеллектуал жаштарды үлгү кылып көрсөткүлө. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.
Парламентте бүгүн "Жаштар жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. Эл өкүлү сунушун маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбековго берген.
Акаевдин айтымында, жаштар үчүн азыр чоң бир идея керек. ЖМК аркылуу жаштар идеал туткан, өрнөк боло турган адамдарды пропаганда кылыш керек.
"Азыр жаштардын көпчүлүгү жанагы канжалаган эрежесиз мушташтарды идеал тутуп алды. Бүт кан, агрессия, ошонун эмнеси үлгү? Жаштардын көпчүлүгүн эртең ким болосуң десе Хабибди айтат. Интеллектуал жаштарыбыз дүйнөнүн ар жагынан физика, биология, IT-технология боюнча олимпиададан алдыңкы байгелерди алып келүүдө. Ошолорду пропаганда кылбайлыбы. Жалаң эле жанагы мушташкандарды эмес", — деди Акаев.
Ошондой эле ал илим, билимге сугарылган жаштарды алып чыгып, алар жөнүндө роликтерди тартып, аймактарга алып барып үлгү кылып көрсөтүүнү сунуштады.
"Аэропорттон канжалатып агрессия көрсөткөндөрдү тосуп ала бербей интеллектуал жаштарды пропаганда кылган туура болот. Анан спорттун олимпиадалык түрүнөн алтын, күмүш, коло утуп келип жатышат. Ошолорду колдоп, жаштарга бир идеология менен иштебесек келечегибиз бүдөмүк. Кыргызстандан Америкага көчүп кетебиз деп жашыл карта сурагандар 2015-жылы 30 миң болгон, 2020-жылы 150 миңге жетиптир. Мунун үстүнөн иштебесек кийин кеч болуп калат", — деди депутат.
Министрдин жаштар саясатын тескеген орун басары Надырбеков сунушту эске алып, долбоорлорду иштеп чыгууну убадалады.
Бирок депутат Дастан Жумабеков кесиптешинин пикирине каршы чыгып, спорттун ММА түрүнүн күйөрмандары көп экенин белгиледи.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Дастан Жумабеков
Депутат Жогорку Кенеша Дастан Жумабеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2022
Депутат Дастан Жумабеков
"Жогоруда айткан депутатыбыздын сунушун эске алып эле спорттун ал түрүнө туура эмес мамиле кылып койбоңуздар. Бүгүнкү күндө ММА дүйнө жүзүндө популярдуу экенин билесиз, күйөрмандары көп. Жаштар көчөдө мушташпай, жаман ишке барбай спорт залдарда машыгууда. Дене боюн чыңдап, патриоттулук сезимдерин бекемдеп жатат. Аны да туура кабыл алышыбыз керек", — деди Жумабеков.
Ошондой эле ал эрежесиз мушташка чыккан жигиттер да Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жатканын белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2022
Нарматова: улуттук идеология жок, анын ордун ЛГБТга үндөгөн уюмдар ээледи
Жаңылыктар түрмөгү
0