Россиялык ЖОЖдор студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда

© Фото / Пресс-служба Российско-Таджикского Славянского университета
  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2022
Жазылуу
Кыргыз студенттери Россияда окуш үчүн ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин жана ары-бери учканга кеткен чыгымдын компенсациясын ала алышат. Бул мүмкүнчүлүк Кыргызстан менен эл аралык деңгээлдеги кызматташууну кеңейтүү программасынан улам жаралгандыгын Сибирь федералдык университетинин (Красноярск ш., Россия) маалымат кызматынан билдиришти.
Адистер учурда Сибирь федералдык университетине (СФУ) келген чет элдик студенттердин көбү борбор азиялыктар экендигин айтышты. Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ болгондуктан Россияда кыргыз студенттери кыйналбай, жеңил эле көнүп кетет. Андан сырткары, кыргызстандык студенттер россиялык университеттердин бюджеттик бөлүмүнө өтө алышат. Сибирге келүү да ыңгайлуу, Бишкек менен Красноярскинин ортосунда түз каттамдар бар.
"Биз Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуудагы буга чейинки болгон тажрыйбаны бекемдеп, андан сырткары, жаңы деңгээлге чыгуу ниетибиз бар. Биринчи иретте алар славян университеттеринин базасында ишке ашат. Бул потенциалы жогору, өнөктөштүктүн жакшы долбоорунан болуп калышы мүмкүн", — деп белгилеген аталган окуу жайдын ректору Максим Румянцев.
Ал чет элдик студенттер үчүн бөлүнгөн орундардын саны мындан ары да көбөйөрүн айтты. Окуй тургандарга СФУдан уникалдуу социалдык колдоо көрсөтүлөт, тагыраагы, Россияда окуш үчүн ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин жана ары-бери учканга кеткен чыгымдын компенсациясын ала алышат. Андан сырткары, орус тили курсу кошумча уюштурулат. Студенттер аны чет тил катары тандап, терең үйрөнсө болот.
© Фото / Пресс-служба Российско-Таджикского Славянского университетаКонкурс "Территория профессионалов" для студентов ближнего зарубежья
Конкурс Территория профессионалов для студентов ближнего зарубежья - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2022
ЖОЖдор арасында да кызматташуу өнүгүп жатат. СФУнун жаңы стратегиясынан улам Кырызстандын, Тажикстандын славян университеттеринде "Россиялык аймак: илим жана билим берүү" деп аталган иш-чаралардын сериясы өткөрүлдү. Ал кесипке багыт берген фестивалдарды, сынактарды, окутуучулар үчүн методикалык семинарларды, россиялык ЖОЖдордун мыкты бүтүрүүчүлөрү менен жолугушууларды камтыйт.
Кыргызстанда бул долбоордун өнөктөшү катары Кыргыз-Россия Славян университети (КРСУ) иштеп жатат. СФУнун адистери окутуучулар курамынын кесиптик жана методикалык деңгээлин жогорулата турган, билим берүүдөгү заманбап окуу-методикалык кейстерди тереңдетүүчү иш-чараларды өткөрдү.
"Бул эки университеттин билим берүү, илим жана маданият жаатындагы кызматташуусун, студенттик жамааттардын байланыштарын кеңейтет. Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу алака-катышынын өнүгүшүндө өзүнүн натыйжасын берет", — деп белгилеген КРСУнун ректору, Кыргызстандын Илимдер академиясынын академиги Владимир Нифадьев.
Адистер бул долбоор Борбор Азия өлкөлөрүнүн ЖОЖдору менен тармактык уинверситеттеринин ортосундагы "даректүү" өнөктөштүктүн мисалы экендигин айтышты.
© Фото / Пресс-служба СФУКонкурс "Территория профессионалов" для студентов ближнего зарубежья
Конкурс Территория профессионалов для студентов ближнего зарубежья - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2022
"СФУнун окутуучулары алып келген маанай, кесипкөйлүк, катары менен өткөн иш-чараларда алар көрсөткөн окутуунун интерактивдүү жана активдүү ыкмалары КРСУнун мугалимдер жамаатына жаратмандык дем тартуулады. Бул, андан сырткары, студенттердин — жаштардын билим алууда өзүн-өзү өнүктүрүүгө умтулуусуна себепкер болот. Мындай натыйжалар биздин уинверситеттердин кызматташуу жаатында келечектүү иштеринен кабар берет", — деген КРСУнун эл аралык байланыштар боюнча проректору Лейла Сыдыкова.
СФУнун билим берүүдөгү жаңыланган интернационалдашуу стратегиясы "Приоритет - 2030" программасын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган.
Мугалим класста. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2022
РФтин окуу жайы Талас менен Нарындагы мугалимдердин квалификациясын жогорулатат
Жаңылыктар түрмөгү
0