Кочкор уулу: исламда билим алуу диний жана дүйнө илими болуп бөлүнбөйт
"Эгер биз ислам дининин башаты катары Мухаммед пайгамбардын доорун ала турган болсок, ага чейин араб улутунда омойеддер доорун кулатып кирип келген аббасиддер болгон. Мына ушул аббасиддер 750-жылы пайда болгондон 12 жыл өтпөй дүйнөнүн төрт бурчунан күчтүү котормочуларды тартып, ар башка тилдеги баалуу китептерди түз жана кыйыр маанисинде арабчага котортуп жыйнаган. Мунун негизинде арабдарда так илимдер, астрономия, химия, техника илимдери өнүккөн. Мусулман илимпоздорунун азыркы цивилизациянын пайда болушуна кошкон салымы мына ушул жактан башталат. Бирок селжуктардын бийликке келиши менен мына ушул өнүгүп жаткан илим-билимге тоскоолдук жаратуу максатында Низами деген аталыштагы медреселер пайда болгон. Бул тарыхтагы алгачкы мамлекет каржылаган окуу жай эле. Анда биринчи кезекте философия сабагын алып салып, кудайга сыйынууну күчтөндүрүп окутуп башташкан. Акырындык менен башка илимдер, математика, астрономия сыяктуу дүйнө илимдери кереги жок катары бааланып, окутулбай калган. Дүйнө илимдери, азыркыча айтканда, светтик илимдер жана диний илим деген ажырым мына ушул жерден башталган. Өзүңүздөр көрүп тургандай, мунун ислам динине эч кандай тиешеси жок. Ислам дининин өзөгү болгон Куранда, тескерисинче, мусулмандарды билимдүү болууга чакырат. Демек, беш убак намаз окуп, кудайга сыйынуу, албетте, жакшы, бирок нанотехнология, биология, химия, физика багытында илимий ачылыштарды жасап, космоско учуп же башка адамзатына пайда алып келүүчү, табиятты коргоочу ар кандай пайдалуу эмгектер менен алектенүү деле ошондой чоң сооп алып келет деп түшүнүшүбүз керек", — деди Кочкор уулу.