Өнүктүрүү боюнча мамлекеттик банктын башчысы Евгения Судецтин таржымалы

© Фото / Pixabay / Anastasia GeppАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2022
Жазылуу
Быйыл жайда Өнүктүрүү боюнча мамлекеттик банк түптөлгөн. Ага бир топ суммадагы уставдык капитал каралган.
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. 21-декабрда Улуттук банк "Өнүктүрүү боюнча мамлекеттик банк" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрайымдыгына Евгения Судецти бекитти.

Төмөндө ал туурасында маалымат беребиз:

Билими
Евгения Судец (Нилова) 1973-жылы Норильскиде (Россия) туулган. Г. В. Плеханов атындагы Россия жогорку экономикалык академиясынын "финансы жана кредит" бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек жолу
2008-жылы "ВТБ Капитал" акционердик коомундагы башкармалыкты жетектеген. Бир топ жыл ВТБ тобундагы структураларда иштеген. "ВТБ Лизин" АКнын финансылык директору жана "Холдинг ВТБ Капитал Ай Би" ЖЧКсынын фондуларды жана түз инвестицияларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчылыгын аркалаган. Көп кызматтарды бир учурда аткарган.
ЖМКлардын маалыматына караганда, башка компанияларды жетектеп, 2020-жылдан тарта 2022-жылдын жазына чейин "ВТБ инфраструктурный холдинг" мекемесин башкарган.
Кыргызстандын жарандыгы
Президенттин жарлыгы менен 2022-жылдын жай айларында Судец жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргызстандын жарандыгын алган (бул Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Беларустун мамлекеттер аралык келишиминин алкагында болгон).
Өнүктүрүү боюнча мамлекеттик банк тууралуу маалымат
"Мамлекеттик банк жөнүндө" мыйзамга 2012-жылы кол коюлган, бирок андан кийин 2016 жана 2021-жылдары өзгөртүүлөр киргизилген. Документте анын жалгыз акционери Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (МБФ) экени айтылат.
Банкты түзүүдө инвестициялык ишмердүүлүк, анын ичинде ири улуттук долбоорлорго коммерциялык жактан мүмкүн болгон шарттарда инвестициялоо аркылуу өлкөнүн экономикасын диверсификациялоо жана стимулдаштыруу максаты көздөлгөнү айтылды. Минималдуу уставдык капитал 2 миллиард сомду түзөт.
РСК (Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аркылуу мамлекетке таандык болгон) менен "Керемет" банкынын (Улуттук банкка таандык) базасында түзүлүүдө. Каттоодон быйыл жайда өткөрүлгөн.
Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси айткандай, уставдык капиталы 20 миллиард сом болот. Быйыл 500 миллион сом которулары маалым болду.
РСК Банк ААКунун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2022
РСК банк башка банк менен биригеби? Расмий жооп
Жаңылыктар түрмөгү
0