27-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаарынын жакасы. Архив
Бишкек шаарынын жакасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2022
Жазылуу
27-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Шейшембиде республика боюнча күн ачык болору болжолдонду. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +4...+9, Талас жана Ысык-Көл аймактарында +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Нарын жергесинде -1...+4 градуска чейин жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +6...+8, Ош шаарында +5...+7 градуска чейин көтөрүлөт.
Кечки шаар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2022
Жаңы жыл түнү суук болот. Талас облусундагы бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0