26-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКүндүн батышы. Архив
Күндүн батышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2022
Жазылуу
Дүйшөмбүгө караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 25-Дек. — Sputnik. 26-декабрда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Эртең менен айрым аймактарда туман түшүшү күтүлөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көлдө +2...+7 градус жылуу болсо, Теңир-Тоодо -6...-11 градус суук болору болжолдонду.
Борбор калаада күндүн табы +4...+6, Ош шаарында +5...+7 градуска чейин көтөрүлөт.
Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2022
"Тоолор жана калктын саламаттыгы". Бишкекте кыргыз, орус окумуштуулары чогулат
Жаңылыктар түрмөгү
0