https://sputnik.kg/20221223/chal-testier-kyzdardy-zorduktoo-shektuu-1071426238.html
Боюна бүтүп калган. Токмокто 80 жаштагы чал эки тестиерди зордуктады деп шектелүүдө
Боюна бүтүп калган. Токмокто 80 жаштагы чал эки тестиерди зордуктады деп шектелүүдө
Sputnik Кыргызстан
Кыздардын апасы бир кызы кош бойлуу экенин билгенден кийин милицияга арыз жазган. 23.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-23T18:22+0600
2022-12-23T18:22+0600
2022-12-23T18:22+0600
кыргызстан
окуялар
токмок
зордуктоо
тестиер кыз
https://sputnik.kg/img/104641/81/1046418102_0:0:3039:1709_1920x0_80_0_0_b176f9e95aef504d5d37f6bc874f3e5f.jpg
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Токмок шаарында 80 жаштагы чал 12 жана 14 жаштагы тестиер кыздарды зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, 19-декабрь күнү кыздардын 35 жаштагы апасы милицияга арыз менен кайрылган.Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 254-беренеси ("Зордуктоо") менен иш козголгон. Соттук-медициналык, соттук-психиатриялык, соттук-психологиялык экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы чыга элек.Бул иш ИИМдин жана Чүй ОИИБдин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүнө алынганы белгиленди.Зордуктоого шектелген адам кармалган эмес, учурда тергөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына жараша процессуалдык чечим кабыл алынары айтылды.
https://sputnik.kg/20221114/suzak-19-zhashtagy-kyz-olum-karmoo-1069959503.html
токмок
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104641/81/1046418102_154:0:2885:2048_1920x0_80_0_0_f572c9c89148f2be6cb8591dc4ecf74a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, окуялар, токмок, зордуктоо, тестиер кыз
кыргызстан, окуялар, токмок, зордуктоо, тестиер кыз
Боюна бүтүп калган. Токмокто 80 жаштагы чал эки тестиерди зордуктады деп шектелүүдө
Кыздардын апасы бир кызы кош бойлуу экенин билгенден кийин милицияга арыз жазган.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Токмок шаарында 80 жаштагы чал 12 жана 14 жаштагы тестиер кыздарды зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 19-декабрь күнү кыздардын 35 жаштагы апасы милицияга арыз менен кайрылган.
"Жабырлануучу Токмок шаарында жашаган 80 жаштагы Д.В. аттуу кошунасы эки кызын зордуктап жүргөнүн айткан. 12 жаштагы кызынын боюна бүтүп, сегиз айлык болуп калган. Тергөөнүн жүрүшүндө тестиер кыздар шектүү чалдын үйүндөгү иштерине жардам берип жүргөнүн айткан. Окуя боюнча кылмыш ишинин бардык катышуучулары суракка алынды", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 254-беренеси ("Зордуктоо") менен иш козголгон. Соттук-медициналык, соттук-психиатриялык, соттук-психологиялык экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы чыга элек.
Бул иш ИИМдин жана Чүй ОИИБдин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүнө алынганы белгиленди.
Зордуктоого шектелген адам кармалган эмес, учурда тергөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына жараша процессуалдык чечим кабыл алынары айтылды.
14 Жетинин айы 2022, 12:56