https://sputnik.kg/20221222/pirotekhnikalyk-karazhat-salyut-fejerverk-koopsuzduk-okm-1071355675.html
ӨКМ пиротехникалык каражаттарды колдонуудагы эрежелерди эске салды
ӨКМ пиротехникалык каражаттарды колдонуудагы эрежелерди эске салды
Sputnik Кыргызстан
Адистер фейерверктерге байланышкан кырсыктардын көбү адамдардын аны колдонуу эрежелери менен таанышпагандыгынан келип чыгарын белгилешти. 22.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-22T09:07+0600
2022-12-22T09:07+0600
2022-12-22T09:07+0600
кыргызстан
каражат
жаңы жыл
коопсуздук
өкм
https://sputnik.kg/img/103680/91/1036809111_0:0:3127:1759_1920x0_80_0_0_8de1e2d4ac78725c2ce5f7cb5e24fbbb.jpg
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жаңы жыл майрамына саналуу күндөр калды. Бул күнү пиротехникалык каражаттарды аттырууну адат кылган үй-бүлөлөр көп. ӨКМ аны колдонуудагы коопсуздук чараларды эскертти.Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14 жашка чейинки балдарга салюттарды сатууга тыюу салынарын белгиледи.Ошондой эле адистер пиротехникалык заттарды үй, имараттан кем дегенде 50 метр аралыкты сактап аттыруу керектигин эскертишти. Мындан тышкары, шамал болуп жатканда да аны колдонууга болбойт. Толук жарылбаган фейерверкти кайра күйгүзүү кооптуу, жарылбай калган учурда да дароо колго кармоого болбойт."Тастыктамасы бар гана фейерверктерди сатып алыңыздар. Анда колдонуу нускамасы мамлекеттик жана расмий тилде жазылуу болушу керек. Салюттарды аттырар алдында тамаша катары досторго, адамдарга багыттабаңыз. Аны жардыруу учурунда балдарды оолагыраак кармаган оң", — дешти ӨКМден.Адистер көпчүлүк адамдар пиротехникалык каражаттарды колдонуу ыкмалары менен толук таанышпагандыктан андан жабыркашарын кошумчалашты.
https://sputnik.kg/20221220/zhany-zhyl-tunu-bishkekte-feyerverk-bolot-1071316954.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103680/91/1036809111_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_be4ff54f8921f800721eeae63ff2e4f7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, каражат, жаңы жыл, коопсуздук, өкм
кыргызстан, каражат, жаңы жыл, коопсуздук, өкм
ӨКМ пиротехникалык каражаттарды колдонуудагы эрежелерди эске салды
Адистер фейерверктерге байланышкан кырсыктардын көбү адамдардын аны колдонуу эрежелери менен таанышпагандыгынан келип чыгарын белгилешти.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жаңы жыл майрамына саналуу күндөр калды. Бул күнү пиротехникалык каражаттарды аттырууну адат кылган үй-бүлөлөр көп. ӨКМ аны колдонуудагы коопсуздук чараларды эскертти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14 жашка чейинки балдарга салюттарды сатууга тыюу салынарын белгиледи.
"Пиротехникалык каражаттар кичинекейлер үчүн абдан кызык. Бирок ал жөнөкөй оюнчук эмес экендигин ар бир ата-эне баласына түшүндүрүшү керек. Майрам күндөрү мындай буюмдардан негизинен бөбөктөрдүн жабыркашы — чоңдордун аларга бул тууралуу түшүндүрбөгөндүгүнөн улам болуп жатат. Баланы салюттарды колдонбой эле койгонго ынандыруу, көндүрүү жакшы. Такыр буга көнбөсө коопсуздук чараларын үйрөтүү кажет", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле адистер пиротехникалык заттарды үй, имараттан кем дегенде 50 метр аралыкты сактап аттыруу керектигин эскертишти. Мындан тышкары, шамал болуп жатканда да аны колдонууга болбойт. Толук жарылбаган фейерверкти кайра күйгүзүү кооптуу, жарылбай калган учурда да дароо колго кармоого болбойт.
"Тастыктамасы бар гана фейерверктерди сатып алыңыздар. Анда колдонуу нускамасы мамлекеттик жана расмий тилде жазылуу болушу керек. Салюттарды аттырар алдында тамаша катары досторго, адамдарга багыттабаңыз. Аны жардыруу учурунда балдарды оолагыраак кармаган оң", — дешти ӨКМден.
Адистер көпчүлүк адамдар пиротехникалык каражаттарды колдонуу ыкмалары менен толук таанышпагандыктан андан жабыркашарын кошумчалашты.
20 Бештин айы 2022, 16:52