Москвада Андрей Стенин атындагы сынакка сүрөттөрдү кабыл алуу башталды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАндрей Стенин атындагы сүрөт сынагынын катышуучуларынын көргөзмөсү. Архив
Андрей Стенин атындагы сүрөт сынагынын катышуучуларынын көргөзмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2022
Жазылуу
Дүйнөнүн чар тарабынан жаш фотооператорлордон арызды кабыл алуу салт болуп калгандай эле "Россия сегодня" медиа тобунун фотокабарчысынын туулган күнүндө анын элесине арналып ачылды.
БИШКЕК, 22-дек. – Sputnik. Андрей Стенин атындагы жаш фотокабарчылардын эл аралык IX сынагынын уюштуруу комитети 2023-жыл үчүн эмгектерди кабыл алууну баштады.
Сынак Донецк шаарына жакын жерге өзүнүн кесиптик милдетин аткаруу үчүн барып, 2014-жылы жай айында курман болгон "Россия сегодня" медиа тобунун фотокабарчысы Андрей Стениндин атын алып жүрөт. Салтка айлангандай фотографтардын жарышы жыл сайын Стениндин туулган күнүндө — 22-декабрда башталат.
Дүйнөнүн чар тарабындагы 18ден 33 жашка чейинки катышуучулар арызын орус тилинде, англис жана кытай тилинде толтурса болот. 2023-жылы да сынакка "Башкы жаңылыктар", "Спорт", "Менин планетам", "Портрет. Биздин замандын каарманы" номинацияларында жана "Жеке эмгектер", "Сериялар" деп аталган эки категорияда катыша алат. Арыздар 28-февралдын соңуна чейин кабыл алынат.
Сынактын 2023-жылдагы байге фонду биринчи, экинчи жана үчүнчү орундар үчүн 125, 100 жана 75 миң рубль. Стенин атындагы сынактын Гран-присине татыган фотографка 700 миң рубль ыйгарылат.
Жаңы жылдагы сынак өзүнүн жеңүүчүлөрүнүн россиялык жана чет элдик шаарлардагы көргөзмө турнесин өткөрүү салтын сактайт. Роуд-шоу жаш фотокабарчыларга өзүнүн эмгектерин дүйнөгө көрсөтүп, дүйнө коомчулугунун көңүлүн актуалдуу көйгөйлөргө, азыркы замандын чечүүнү талап кылган маселелерине бурууга мүмкүнчүлүк берет. Конкурстун эмгектеринин географиясы 2014-жылдан бери Европадагы, Азиядагы, Латын Америкасындагы, Африкадагы жана Жакынкы Чыгыштагы 40 шаарды бириктирди.
Андрей Стенин атындагы фотокабарчылардын сынагынын куратору, "Россия сегодня" медиа тобунун визуалдык кызматтары боюнча долбоорлорунун жетекчиси Оксана Олейник конкурстун башталышын толкундантуучу учур деп сыпаттады.
"Андрей Стенин атындагы сынактын командасы үчүн декабрь айы ар дайым кубанычка жана толкунданууга толот. Биз жаңы жылдын ишин чыдамсыздык менен күтөбүз, катышуучуларыбыздын жаңы кесиптик жетишкендиктерине үмүт артабыз. Жолду баскан арбытат дешет эмеспи. Кесипкөй фотографиялык дүйнө биздин сынакты жогору баалайт. Биздин атыбыз бар, аны менен абдан сыймыктанабыз жана жолубузду алдыга гана уланта бермекчибиз. Анан, албетте, биздин сынактын бардык жаңы катышуучуларына ийгилик жана жеңиш каалайбыз!".

Сынак тууралуу

"Россия сегодня" медиа тобу уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы колдоого алган Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул — жаш сүрөтчүлөрдүн, таланттуулардын, жаңычылдыкты илип кеткен сезимтал жана ачык балдардын аянтчасы. Бул жерде алар биздин көңүлүбүздү айланабызда эле жашап жаткан адамдарга, болуп жаткан окуяларга бурат.
Быйыл эл аралык бир нече ЖМК өнөктөш болду: Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, RT телеканалы жана порталы, Independent Media медиахолдинги, Telam маалымат агенттиги, ANA жаңылыктар сайты, Shanghai United Media Group (SUMG), China Daily гезитинин интернет порталы, The Paper интернет порталы, Al Mayadeen медиатармагы.
Андрей Стенин атындагы 2022-жылдагы сынактын жеңүүчүсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2022
Москвада Андрей Стенин атындагы 2022-жылдагы сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0