Москвада Андрей Стенин атындагы 2022-жылдагы сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

© Фото / Алессандро ЧинквеАндрей Стенин атындагы 2022-жылдагы сынактын жеңүүчүсү
Андрей Стенин атындагы 2022-жылдагы сынактын жеңүүчүсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2022
Жазылуу
Сынактын куратору Оксана Олейниктин айтымында, ар кыл тилде түшүнүүгө болгон сүрөттөр азыркы заманда карым-катнаштын туруктуу формасы болуп калды.
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Аскердик кабарчы Андрей Стенинди эскерүү үчүн "Россия сегодня" медиа тобу уюштурган сынак быйыл да жаш сүрөт чеберлери үчүн Россиядагы бирден-бир аянтча болуп, жеңүүчүлөрдүн ысымы элге жарыяланды. 2022-жылдагы ар бир номинацияга жана "калыстар тобунун өзгөчө баасына" татыган сүрөттөр аталды. Дагы бир жагдай — башкы байге деп эсептелген Гран-при быйыл эч кимге тапшырылбай турган болду. Мындай чечимди калыстар тобу кабыл алган.
Сынактын куратору Оксана Олейниктин айтымында, ар кыл тилде түшүнүүгө болгон сүрөттөр азыркы заманда карым-катнаштын туруктуу формасы болуп калды.
"Кандай гана кыйын мезгилдер болбосун жаш фотожурналисттер бул универсалдуу пикир алышуу каражатын чеберчилик менен өздөштүрүшкөн", — деп белгиледи ал.
Конкурсанттар үчүн маанилүү болуп мурдагыдай эле адам менен жаратылыштын кагылышы жана андан пайда болгон экологиялык көйгөйлөр, саясий, этникалык пикир келишпөөчүлүктөр, социалдык маселелер турган.
"Сүрөттөгү каражаттар менен баяндап берип жатып, биздин конкурсанттар башкалардан өзгөчөлөнгөн ой жүгүртүп, ошол окуялардын чектерин көрө билишет", — деп белгилеген Олейник.
"Башкы жаңылык" номинациясында биринчи орунду эмоцияга бай репортаж алган. Анда гватемалалык сүрөтчү Эстебан Биба тартип сактоочулар менен гондурастык мигранттардын кербенинин кагылышын көрсөткөн. Окуя 2021-жылы январда Вадо-Хондо деп аталган кыштакта болуп, эмгек "Калкандардын дубалы" деп аталган. Мындан сырткары, индиялык Чандан Ханнанын "Кырсык" эмгеги татыган. Анда АКШнын Кентукки аймагын 2021-жылы декабрда каптаган торнадону баяндап берген.
© Фото / Esteban Biba

"Калкандардын дубалы"

"Калкандардын дубалы" - Sputnik Кыргызстан
1/2

"Калкандардын дубалы"

© Фото / Чандан Ханна

"Кырсык"

"Кырсык" - Sputnik Кыргызстан
2/2

"Кырсык"

1/2

"Калкандардын дубалы"

2/2

"Кырсык"

Спорттук номинациядагы мыкты эмгектердин бири "Баарын өзгөрткөн адам" деп аталган стоп-кадр. Анда россиялык Эдгар Брещанов Патсон Дака жасаган сальтону тартып алган. Россиялык дагы бир фотограф Евгений Коноплев бурят элинин "hэер шаалганын" чагылдырган "Сөөк сындыргычтар" эмгеги менен жеңип алган. 2020-жылы бул оюн улуттук спорттун бир түрү катары макамга ээ болгон.
© Фото / Эдгар Брещанов

"Баарын өзгөрткөн адам"

"Баарын өзгөрткөн адам" - Sputnik Кыргызстан
1/2

"Баарын өзгөрткөн адам"

© Фото / Евгений Коноплёв

"Сөөк сындыргычтар"

"Сөөк сындыргычтар" - Sputnik Кыргызстан
2/2

"Сөөк сындыргычтар"

1/2

"Баарын өзгөрткөн адам"

2/2

"Сөөк сындыргычтар"

Чили калемпирин жыйнагычтар тууралуу фотожурналист Абдул Моминдин Бангладештен тарткан сүрөтү кызыктуу чыккан. Ал "Менин планетам" номинацияларынын биринде жеңүүчү болгон. Аны менен катар эле италиялык Алессандро Чинкве да Анд платосунда күн кечирген перулук жамаат туурасындагы даректүү "Альпакерос" эмгеги менен мыкты деп табылган.
© Фото / Абдул Момин

"Менин планетам"

"Менин планетам" - Sputnik Кыргызстан
1/2

"Менин планетам"

© Фото / Алессандро Чинкве

"Альпакерос"

"Альпакерос" - Sputnik Кыргызстан
2/2

"Альпакерос"

1/2

"Менин планетам"

2/2

"Альпакерос"

"Портрет. Биздин замандын кишилери" номинациясында биринчи орун Бангладеш менен ирандык сүрөткерлерге берилген. Бангладештик Мухаммад Амдад Хоссейндин диний майрамды чагылдырган "Оттор жана үмүт" деп аталган эмгеги менен татыган.
© Фото / Мухаммад Амдад Хоссейн"Оттор жана үмүт"
Победители конкурса имени Андрея Стенина 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2022
"Оттор жана үмүт"
Бул номинацияга "Купуя кыялдар" деп аталган иран фотожурналисти Шагхай Шаянкханын Перс булуңундагы Жезирей-Шиф аралында жашаган аялдардын портреттеринен турган эмгеги татыган.
© Фото / Шагхае Шаянкха"Купуя кыялдар"
Победители конкурса имени Андрея Стенина 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2022
"Купуя кыялдар"
2022-жылдагы лауреаттардын толук тизмеси сайттын орусча жана англисче версиясына жайгаштырылган.
Мурда салт болуп калгандай эле сынактын алкагында катышуучулар үчүн атайын байгелер каралган. 2022-жылы "Башкы жаңылыктар", "Менин планетам", "Спорт" жана "Портрет. Биздин замандын баатыры" деп аталган төрт номинацияда тең белгиленген. Атайын сыйлыктар сынактын көп жылдык өнөктөштөрүнө берилген. Алар — Аль-Маядин ТВ жалпы араб маалымат холдинги менен Кызыл чырым эл аралык комитети.
"Чиркөө ковиддин палатасына айланганда" Данте Диосин (Филиппин) жана сириялык Муниб Таймдын "Согуш апаатынын ордуна спорттук ийгиликтер" сүрөт түрмөктөрү Кызыл чырым эл аралык комитетинин байгесине татыды. Алар "Башкы жаңылыктар", "Спорт" номинациялары менен кетти.
Аль-Маядин телекомпаниясы индиялык фотожурналист Раджендра Мохан Пандинин "Музда сүзүү" сүрөтүн "Менин планетам" номинациясына татыктуу деп баалады.
"Портрет. Биздин замандын баатырына" россиялык Витали Невардын "Белгисиз жоокер" сүрөтү татыган.
"Россия сегодня" медиатобу уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы колдоого алган Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул — жаш сүрөтчүлөрдүн, таланттуулардын, жаңычылдыкты илип кеткен сезимтал жана ачык балдардын аянтчасы. Бул жерде алар биздин көңүлүбүздү айланабызда эле жашап жаткан адамдарга, болуп жаткан окуяларга бурат.
Маалыматтык колдоо кылган башкы өнөктөштөр: Бүткүл россиялык мамлекеттик телекөрсөтүү жана радио уктуруу компаниясы, СМОТРИМ онлайн-платформа, "Россия-Культура" жалпы мамлекеттик телеканалы, "Москва 24" телеканалы.
Быйыл эл аралык бир нече ЖМК өнөктөш болду: Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, RT телеканалы жана порталы, Askanews маалымат агенттиги, Independent Media медиахолдинги, Telam маалымат агенттиги, ANA жаңылыктар сайты, Shanghai United Media Group (SUMG), China Daily гезитинин интернет порталы, The Paper интернет порталы, Al Mayadeen медиатармагы, этникалык сүрөттөр фестивалы (Италия).
Андрей Стенин атындагы конкурска алынган сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Андрей Стенин атындагы конкурстун сайтында онлайн добуш берүү башталды
Жаңылыктар түрмөгү
0