Бишкек мэриясы өтө ылдам жүрүүчү автобустарды жүргүзүүнү сунуштоодо

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2022
Жазылуу
Мэрия долбоор качан ишке ашарын айткан эмес, азырынча инвесторлор изделип жатат.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы ыш, автотыгын жана коомдук транспорт көйгөйүн чечүү жолдорун сунуштады. https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg/12130
Анын бири — өтө ылдам жүрүүчү автобустарды жүргүзүү.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, ал төмөнкүдөй иштейт:
коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүнөт;
50 кишилик автобус 1-2 жүргүнчүсү бар 15 автоунаага караганда 8-10 эсе аз орун ээлейт;
алгач Токомбаев — Жукеев-Пудовкин — Ибраимов — Москва жана Киев көчөлөрү менен жүрө баштайт. Узундугу — 17,5 чакырым, 50 аялдамага токтойт;
кийин Токомбаев — Чортеков — Гагарин — Садырбаев — Жаш Гвардия — түндүк айланма жолу — "Дордой" базары боюнча каттам ачылат. Узундугу — 29 чакырым, 80 аялдама;
жүргүнчүлөр түз эмес, турникет аркылуу акы төлөп киришет.
Бирок долбоор качан ишке ашары азырынча белгисиз. Мэрия инвесторлорду күтүп жатат.
Муниципалитет, мындан тышкары, борбор калааны өнүктүрүүгө багытталган төмөнкү долбоорлорду дагы сунуштаган:
Айтматов — А.Масалиев проспектилерин көрктөндүрүү;
таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу;
"Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын жана алардын Бишкек аркылуу өткөн аймактардагы жээктерин жакшыртуу";
Кара жыгач токой паркын жашылдандыруу;
"Көп деңгээлдүү автоунаа токтотуучу жай".
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
Бишкекте электромобилдер гана жүрө турган "жашыл" маршрут уюштурулат
Жаңылыктар түрмөгү
0