Мекен-карта боордошторго кандай укук берет? Документте каралган жеңилдиктер

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын желеги жана тыйындар. Архив
Кыргызстандын желеги жана тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2022
Жазылуу
Мекен-картасы тууралуу жогорку трибунадан үч жылдан бери айтылып келет. Бирок ал толук кандуу ишке киргизиле элек.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Мекен-карта тууралуу маалымат берүүнү чечти.

Тарыхы

Муну 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков демилгелеген. Тиешелүү мыйзам 2020-жылдын 4-августунда кабыл алынган.
Максаты — Кыргызстандын атуулдугунан чыгып кеткен боордоштордун укуктук абалын жакшыртуу. Жарандар "Чет элдик жарандыгы бар мекендеш" деген статуска ээ болот.
Белгилей кетсек, учурунда биринчи вице-премьер Артём Новиков 2021-жылдын 1-сентябрынан тарта "Мекен-картасын" берүү тапшырмасын койгон. Бирок азыркыга чейин ишке аша элек.
Учурда "Учкун" басмаканасына 50 миң даана Мекен-карта даярдалып жатканы белгилүү болду. Эми 2023-жылы берилип башташы мүмкүн.

Мекен-карта кимге берилет?

Мекен-карта — боордоштордун мамлекеттик мааниге ээ болгон документи. Аталган статус Кыргызстандын мурдагы жарандарына, алардын балдары, неберелерине жана Кыргыз ССРинде туулган чет элдиктерге да берилет. Ал документти Кыргызстан менен чектешкен өлкөлөрдүн жарандары ала албайт.
Мекен-карта 10 жылдык мөөнөткө берилет, баасы 10 миң сом.
Мекен-карта алгандан кийин төмөнкүлөргө укуктуу болот:
визасыз кирип-чыгуу;
жашап туруу документин толтурбай эле КРдин аймагында туруктуу жашоо;
эмгек визасын толтурбастан жумушка уруксат албай эле ишке орношуу;
кыргызстандыктар менен катар эле медициналык жана билим берүү кызматтарын колдонуу;
айыл чарба багытындагы жерлерди алуу.
Шайлоого, шайланууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө, укук коргоо органдарында, коргонуу жана сот системасында иштөөгө укугу жок.

Мекен-картаны кантип алса болот?

Бул документти алууну каалагандар Кыргызстандагы бардык калкты тейлөө борборлору же чет өлкөлөрдөгү дипөкүлчүлүктөргө арыз менен кайрылса болот.
Талап кылынган документтер:
автоматтык маалыматтык система аркылуу таризделген өтүнүч;
чет өлкөлүк жарандын паспорту;
чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
Кыргызстандын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалым кат (аймактык бөлүктүн, КТБнын же КР чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жооптуу кызматкери тарабынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан суралат);
Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
Кыргызстандын жарандыгынан чыкканын ырастаган документ (реестрде маалымат жок болгон учурда талап кылынат)
Теги кыргызстандык экенин (КР жаранынын баласы жана небереси) тастыктаган документ;
Документ канча күндө колго тиет?
материалдарды кароонун мөөнөтү 99 календардык күнгө чейин;
материалдарды жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кароо мөөнөтү 54 календардык күнгө чейин;
Мекен-картаны даярдоонун мөөнөтү 5 жумуш күнгө чейин;
кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүнүн чектелүү убактысы 30 мүнөттөн ашык эмес.
 Өлкө башчы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2022
Мекендештер өз үйүндө иштеши үчүн болгон күчтү жумшайбыз. Президенттин кайрылуусу
Жаңылыктар түрмөгү
0