22-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКыштын күнүндө отурган көгүчкөн. Архивдик сүрөт
Кыштын күнүндө отурган көгүчкөн. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2022
Жазылуу
22-декабрга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Таластын көпчүлүк, Ысык-Көл, Нарын жергесинин айрым аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө -4...+1, Талас өрөөнүндө 0...-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көл жергесинде 0...+5, Нарын аймагында -4...-9 градус суук болот.
Бул күнү Бишкек менен Ошто түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада 0...-2, Ош калаасында +3...+5 градусту көрсөтөт.
Ысык-Көл аба ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2022
Күн жылыйбы? Ысык-Көлдөгү апта ичиндеги аба ырайына божомол
Жаңылыктар түрмөгү
0