Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү агрегат ишке киргизилди

© Фото / пресс-служба Министерства энергетики КРТоктогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегат пайдаланууга берилди
Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегат пайдаланууга берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2022
Жазылуу
Энергетика министри элди сапаттуу электр энергиясы менен камсыздап, кыштан үшүтпөй чыгаруу энергетиктердин түздөн-түз милдети экенин айтты.
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, суу агрегатында монтаждоо-курулуш иштери жасалып, 350 мегаватт кубаттуулукту иштеп чыгышы үчүн жарым айдай сындан өткөн.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев төртүнчү агрегатты ишке киргизүүгө көп эмгек жумшалганын, эми ал калкка 30 жылдай кызмат кыларын айтты.
"Элди сапаттуу электр энергиясы менен камсыздап, кыштан үшүтпөй чыгаруу — энергетиктердин түздөн-түз милдети. Бүгүнкү күндө биз кышка төрт агрегат менен кирип жатабыз. Бул блокту 30 жылдан кем эмес пайдаланабыз, реконструкцияга чейин ал 1200 мегаватт кубаттуулукту берген болсо, реконструкциядан кийин ага дагы 60 мегаватт кошулду. Төртүнчү агрегаттын жалпы кубаттуулугу 360 мегаватты түзөт. Аны ишке киргизүү — энергетика тармагындагы чоң жетишкендик", — деди министр.
Ошондой эле аткаминер эгерде ГЭСтеги төрт агрегатты тең жаңыласа анда дагы 240 мегаватт кубаттуулук кошуларын, бул көрсөткүч бүтүндөй бир ГЭСтин кубаттуулугуна барабар болорун кошумчалады.
Токтогул ГЭСинин курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Токтогул каскады курулуп бактыбыз бар экен. Энергетик Алымкуловдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0