Гүлзинат Суранчиева: мыкты музыканттарыбызды өнүккөн өлкөлөр четинен алып кетүүдө

© Фото / предоставлено Гулзинат СуранчиевойБишкектеги Пётр Шубин атындагы музыкалык мектептин директору, пианист, ырчы Гүлзинат Суранчиева
Бишкектеги Пётр Шубин атындагы музыкалык мектептин директору, пианист, ырчы Гүлзинат Суранчиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
Жазылуу
Жакында эле Москвада өткөн эл аралык Musica classica конкурсунда Гүлзинат Суранчиева "Фортепиано соло" номинациясы боюнча 1-орунду алган. Бул сыйлыкка Кыргызстандын тарыхында жергиликтүү музыканттар алгач ирет татып турат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Бишкектеги Пётр Шубин атындагы музыкалык мектептин директору, пианист, ырчы Гүлзинат Суранчиева болду.
— Жакында эле Москвада өткөн классикалык музыкалар сынагында "Фортепиано соло" номинациясы боюнча I орунду алышыңыз менен куттуктайбыз. Сиздин чеберчилигиңизге алыстар тобу менен көрүүчүлөр таң калган экен. Сынакка кантип катышып калдыңыз эле?
— Чоң рахмат! Кароо-сынакка катышуумдун себеби, акыркы жылдары жалпы республикада классикалык музыка жаатындагы мыкты (тар тармактагы) адистердин башка чет мамлекетке кетиши абдан көбөйүп жатат. Музыкалык билим берүү мекемесинин директору катары күнүмдүк ишиме бул абдан тоскоолдук жаратат. Анткени күндөн-күнгө скрипач, пианисттерден баштап классикалык үйлөмө, урма аспаптарда ойногон кесипкөй музыканттардын саны азаюуда. Эң өкүнүчтүүсү, азыр соло фортепиано боюнча концерт берген пианисттер жокко эсе. Жалгыз гана Талгат Аракеев деген пианист балабыз бар эле. Ал 15 жылдан бери жылына бир ирет талантын тартуулап концерт койчу. Быйыл ал да Түркияга кетти. Биринчиден, талап жок болуп жатат. Мындай профессионалдар ич ара музыканттарга эле керек, ал эми мамлекетке кереги жоктой сезилет. Керек болсо өнүккөн өлкөлөр дагы классикалык музыка жагынан аксайт. Ошондуктан биздин мыктыларды четинен алып кетишүүдө. Советтер Союзунда түзүлгөн классикалык искусствонун фундаменти сакталган Кыргызстан экономикалык жактан үчүнчү өлкөлөргө кирсе да, маданият жагынан дүйнөдө алдыңкы катарда. Мындан да кол жууп албасак экен деген кооптонуу бар. Коңшу Тажикстан, Түркмөнстан эми гана консерватория ачканы жатат. Ошол эле Араб Эмиратында, Кореяда биздикиндей деңгээлдеги адистер жок. Өнүккөн өлкөлөр музыканттарды көп каражат төлөп, социалдык пакеттерди берип чакырып жатат. Россияга эле канчасы кетти. Челябинскиде ачылган президенттик оркестрге эки жылдын ичинде 40тан ашык музыкант үй-бүлөсүн алып көчүп кетти. Ошонун айынан кадрдык тартыштык жаралууда.
© Фото / предоставлено Гулзинат СуранчиевойДиректор Центральной детской музыкальной школы им. П.Ф.Шубина, заслуженный артист КР Гулзинат Суранчиева
Директор Центральной детской музыкальной школы им. П.Ф.Шубина, заслуженный артист КР Гулзинат Суранчиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
Жакында эле өзүмчө иликтөө жүргүзүп көрдүм. Республика боюнча экономика, эсеп-кысап тармагында иштегендердин жана медиктердин саны 900 миңден миллионго жетсе, профессионал музыканттардын саны 2186 экен. Бишкек шаарында 400дөй эле киши. Бул 2186 музыканттын 1000и пенсия курагындагылар. Ал эми жашоо токтоп турбайт, адам ажалы келсе кете берет экен. Бишкекте виолончелде ойногон үч эле музыкант бар. Ошол үчөө үч оркестрди, 15 окуу жайды кыймылдатып жатат. Балдардын музыкалык окуу жайында кудайга шүгүр окууну каалагандардын саны көп, бирок баары эле музыкант болбойт. Себеби бул өтө кыйын. Кадр болуу үчүн 17 жыл окуу, талант керек. 100 баладан бешөө чыкса, жакшы. Бардык пианисттер сыртка кетип калгандыктан ушул эл аралык сынакка эки жыл машыгып, "стимул берейинчи, мени көрүп окуучуларым өссүн" деген максатта катыштым. Экинчи себеп, Москванын музыканттары дүйнөлүк тенденцияда биринчи турат. Ошол себептен студент кезимден Москвадагы профессионалдык конкурска пианист катары катышууну кыялданчумун. Сынак абдан кыйын өттү, бирок ошого карабастан I орунду алганым сыймык болду. 35-50 жаш курагына кирген профессор же наамдары бар, тажрыйбасы мол музыканттар менен таймаштым. Ушул жагынан да оор болду, анткени алардын сахнада өздөрүн алып жүргөнү да, чеберчилиги да бийик. Жеке карьерамда бул эң чоң жеңишим деп эсептейм.
— Буга чейин вокалдык аткарууда көп эле сынактарда катышкансыз. Ал эми пианист катары биринчи жолу күбө болдук. Мында акустикалык үндөн да абдан айырма болду дешет...
— Вокалдык конкурста үч гана мүнөт аткарасың, ошондо да мамлекеттин атынан чыгып жаткандан кийин тизелериң титиреп толкундоо болот. Ал эми классикалык музыкалык аспап сынагында жарым сааттык программа менен чыгасың. Менин бир эле чыгармам 17 мүнөттүк болду. Жарым саат токтобой ойноо — бул психологиялык жактан абдан чоң басым жана композитор Моцарт жашаган XVIII кылымдын стилистикасын, клавишалык үндү беришиң керек. Өтө көп деталдар бар. Ошонун баарын мээде кармайбыз. Экинчи чыгармам 12 мүнөттүк. Фридерик Шопендин "Революциялык балладасын" мурда бизде эч ким ойнобоптур. Үчүнчүдөн, ар катышуучу өз мамлекетине таандык чыгарманы ойноо шарты бар. Ар бир чыгарма — бир китеп. Жаш кезде тез жаттайсың, бирок кийин ал да оор болуп калат экен. Аябай көп машыктым. Аспап жактан алсак, чыныгы рояль кандай добуш берерин ошол сынакта, 44 жашымда уктум. Белгилүү фирманын жаңы фортепианосун алып келип, конкурстан кийин кайра алып кетишет экен. Бул жакта эски аспаптарда ойноп жүрүп көнгөнбүз, катуураак басуу керек. Сынакка барганда алгачкы репетицияда жаңы роялга көнө албай, кайпактап калдым. Абдан жаман болдум. Анан экинчисинде түшүндүм. Көрсө, канчалык басып турсаң үнү ошончолук узакка кетет экен. Ошону менен жолун таап кайрадан жаттыгып, үйрөнүп кеттим. Анан сынактын аягында ойноп бүтүп, сыртка чыгып эле күзгүдөн карансам, бетим албырып, кыпкызыл, чачымдын баары чылпылдап тер. Ошондо кандай энергия менен адреналин алып ойногонумду түшүндүм. Мурда Мукаш Абдраевде окуп кеткен, Москвада иштеген кыргызстандык музыкант эже менен байке колдоп келишкен. Алар дароо жаныма жетип келип эле "мыкты болду, үмүт бар" деп сүйүнүп жатышты. Ичимден "III орунга илинип каламбы" деп тилек кылдым. Анан эле 3-2-орунду Россияга бергенде эки ийиним түшүп, шылкыйып калдым. Бир убакта "I орун Кыргызстан" деп атым аталганда абдан сүйүндүм. Жанымдагы экөө куттуктап, кубанып мен ойногондо кандай сезимде болгондорун айтып жатышты.
© Фото / предоставлено Гулзинат СуранчиевойДиректор Центральной детской музыкальной школы им. П.Ф.Шубина, заслуженный артист КР Гулзинат Суранчиева
Директор Центральной детской музыкальной школы им. П.Ф.Шубина, заслуженный артист КР Гулзинат Суранчиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
— Даярдануу кандай болду?
— Бул сынакка жалгыз даярдана албайт болчумун. Ушул сыйлыкты алышыма түрткү болгон инсан — КРдин эл артисти, Кыргыз улуттук консерваториянын профессору Полина Сокуренко болду. Мугалимиме ыраазычылыгымды билдирем. Мындай адистер азыр бирин-серин эле калды.
— Пианинодо ойногондо сөз менен жеткире алгыс сезимдер болорун айтыптырсыз. Сахнада эмнени ойлоп жаттыңыз?
— Конкурска жөнөп жатканда аттуу-баштуу улуу адамдар бата берип жөнөтүшкөн. Ушул адамдардын батасын эстеп, сахнага "улутум — кыргыз, урааным — Манас. Кудайым мени колдой көр" деп оң бутум менен чыккам. Моцарттын биринчи вариациясын аткарып жатканда андан мурунку күндөгү рояль менен болгон конфликттеримди ойлоп жаттым. Анан экинчи вариациясында музыкага кирип кетиптирмин. Музыканттар ушундай абалда болот. Муну кесиптештерим түшүндүрөт. 17 мүнөттүк чыгарманын акыркы эки аккорду калганда калыстардын бири "браво" деп кыйкырып жибергенде гана чочуп кетип өзүмө келдим. Анан колумдун бир тарамышы түйүлүп "зың" деп ооруп кетти. Эл аралык сынактарда таймер болот. Сен инструментке отуруп, колуңду койгондо "тык-тык" деген үнү угулат. Бул да психологиялык жактан басым берет. Эгер 25 мүнөттө чыгармаларыңды жеткире ойной албасаң, дароо токтотуп кийинкини чакырат. Ошол себептен акырын колумду түшүрүп, эки силкип туруп кезектеги чыгарманы ойноого кеттим. "Пианист" деген фильмде еврей беш жыл жашынып жүрүп, согуш бүтөрүнө бир ай калганда командирге кармалып калат эмеспи. Ошондо "революционный балладаны" аткарат. Шопен ушул балладаны жазганда кандай драманы, трагедияны камтыганын толук жеткирүү керек болду.
© Фото / предоставлено Гулзинат СуранчиевойДиректор Центральной детской музыкальной школы им. П.Ф.Шубина, заслуженный артист КР Гулзинат Суранчиева
Директор Центральной детской музыкальной школы им. П.Ф.Шубина, заслуженный артист КР Гулзинат Суранчиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
— Кандайча вокалдык өнөрдү да аркалап кеттиңиз?
— Студент кезде тайпалаштар менен бир кароо-сынакка ойдо жок жерден катышып калып жеңишке жетиштик. Анан "Өмүр" деген ырды жаздырып радиого берип койдук, ошол аркылуу заматта эле элге таанылып калдык. "Шантель" деген топ бар эле. Алар тамашалап "кантип эле бир ыр менен чыгып кеттиңер, биз канча жыл эмгектенип жүрсөк" деп күлүп калчу. Андан кийин топ түзүп, ойдо жок жерден ырдап калып эки жакты тең алып кеттим. Академиялык билим алганым вокал жагынан ийгиликке жетишиме түрткү берди.
— Сабак берип келе жатасыз. Балдардын билимге, музыкага агылуусу кандай?
— Балдар менен иштегениме абдан кубанам. Алар ушунчалык таза. Биздин мектепте жөнөкөй балдар жок. Кудай ичине таланттын данын салып койгон бөбөктөр. Ошону эле өрчүтүп кетишиң керек. Бизде таланттуу балдар абдан көп. Жыл жыйынтыгында биздин окуучулар кароо-сынактарга катышып, ийгилик жаратуу жагынан алдыңкы орунду алды. Эл алдына чыгам деген баланын дээринде болот. Алар билим үчүн эле эмес, ушунчалык сахнаны эңсешет. Аспаптарда ойногондо тимеле көздөрү күйөт. Аларды көрүп мен сүйүнөм. Биздин мектепте иштеген балдарга эле кам көрбөй республикадагы таланттарга да карайын деген тилекте 2020-жылы "Обон" деген эл аралык кароо-сынак ачтым. Абдан корктум, себеби түйшүгү, жоопкерчилиги чоң да. Биринчи жолу өткөргөндө эле аймактардан таланттуу 400 бала келди. Аларды көрүп ыйлагым келген. 7-8 жылдан бери пианино классында окуса да биринчи жолу бизде колун роялга тийгизип көрүштү. Бул балдар келечекте эл агартуучу адамдар. Өлкөнү ошолор кармайт. Себеби дүйнөлүк аренада маданиятыбыз менен гана алдыга чыга алабыз. Башка мактаныч жок. Кароо-сынакты эки жылда бир өткөрүп жатам. Бардык эле балдар четке чыга албайт. Бирок ушул кароодо чет мамлекеттен келген балдар менен биздин бөбөктөр таймашты. Аймактарда каралбай калган таланттуу мугалимдер бар экенин көрдүм. Аларга мастер-класстарды өткөрүп, ноталарды, көргөзмө куралдарды бердик.
© Фото / предоставлено Гулзинат СуранчиевойДиректор Центральной детской музыкальной школы им. П.Ф.Шубина, заслуженный артист КР Гулзинат Суранчиева
Директор Центральной детской музыкальной школы им. П.Ф.Шубина, заслуженный артист КР Гулзинат Суранчиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
— Сиз жетектеген окуу жайда кандай көйгөйлөр бар?
— Бизде жаш адистер жетишпейт. Кадр маселеси курч турат. Атайын эсептин арты менен жыл сайын фортепиано, урма, үйлөмө аспаптарын жаңыртып жатабыз. Оңдоо иштерин да жасатып алдым. Окуу жайыбыз шаардагы эң мыкты мектептердин бири. Учурда бизге концерттик рояль керектүү аспап болуп турат. Бирок ага жылдап топтосом да акча жеткире албайт экенмин. Анын баасы 180 миң евродон өйдө.
— Сизди эмне капа кылат?
— Кудайга шүгүр, мурда эл халтура менен профессионализмдин айырмасын билчү эмес. Көп билимсиз ырчылар алдап коюшчу. Азыр эл да айырмалайт. Бул кубантат. Ал эми эстрада ырчыларынын ичинен билим алууга аракет кылгандар өтө аз экени өкүндүрөт. Сөздүн ачыгы ушу. Муну менен ачык күрөшүү керек. Кесибиңди сүйсөң, билим аласың. Бир ирет белгилүү ырчынын "эмне үчүн мончонун чоңу менен ырдашым керек?" дегени эсимде. Чын. Ал сахнага чыгуу үчүн канча эмгектенди, билим алды, окуду. Ал эми тойлордо ырдаган ырчыларга каршылык жок, бул биздин менталитет. Бирок наам берүүдө эстрада тармагы акыркы каралышы керек. Мамлекеттик наамдар чыныгы адистерге берилсе. Азыр тескерисинче болуп жатат. Себеби мыкты адис эже-агайлар унутулуп, музыканын "м" тамгасын билбегендер менен бир наамдык даражада болуп калууда. Же болбосо эстрада ырчыларынын ичинен жылына эң татыктууларынын экөөнө берсе берип, болбосо жок.
Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театрынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эл артисти Алымкул Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2022
Карызга жашаган, 76 жылдык тарыхы бар мамлекеттик Алай театры. Жетекчи Исаковдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0