Адистер ата-энени баланын кыймылын чектебөөгө чакырды

© AFP / JOHN MOOREТелефон кармап турган кыз. Архив
Телефон кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
Жазылуу
Бөбөктүн көп кыймылдаганы анын дене мүчөсүнүн өсүшүн, булчуңдарынын чыңалышын гана эмес, өзүнө болгон ишенимдин жаралышын да шарттайт.
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бала алаксып отуруп турушу үчүн көпчүлүк ата-эне колуна смартфон кармата коюуну адатка айланткан учурда Ден соолукту чыңдоо борбору наристенин өсүшүнө кыймылдын канчалык мааниси чоң экендиги тууралуу эскертти. Адистер ата-энелерди балага көп кыймылдоого шарт түзүп берүүгө чакырган.
Бир жашка чейинки наристелердин полдо, чоңдор менен көбүрөөк ойногону оң. Али баса элек бала күнүнө жарым сааттан көмкөрөсүнөн, курсагын жерге тийгизип жатканы жакшы. Мындай бөбөктөрдү жел бешик, коляска, балдар отургучу жана башка жайларда бир сааттан ашык кыймылын чектеп коюуга болбойт.
"Бала өзү деле чоюлуп, керилип, ойногусу келет. Сиз болгону бул үчүн коопсуз, таза, ыңгайлуу жай даярдап бериңиз. Мисалы, полго, күн жылуу болсо сыртта чөптүн үстүнө чоң одеялды салып коюңуз. Мындай шартта балаңыз көмкөрөсүнөн жата алат, булчуңдары чыңалып, башын өйдө көтөргөндү үйрөнөт", — деп жазылат маалыматта.
Негизи полго төшөнчү төшөп койгондо кичинекей бурулганды, жөрмөлөгөндү, отурганды үйрөнүүсү үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Оюнчукту андан бир аз алыс коюп койсо, ага жетиш үчүн аракет кылат.
Бөбөк жаңы басып баштаганда көпчүлүк ата-эне жыгылат деп чочулап аны көп тыя баштайт. Адистер бала тай-тайлап калган кезден эле үйдү ага коопсуз кылып ыңгайлаштыруу зарыл экендигин айтышат. Наристе бул учурда канчалык көп басса ошончолук пайдалуу.
"Муну менен катар эле бала секиргенди, бийлегенди, буюмдарды ыргытканды, чуркаганды да кошо өздөштүрө баштайт. Ар бир аракети үчүн мактап туруу маанилүү. Колунан жетелеп алып тепкичтен чыгаруу да анын ишенимин жогорулатууга жардам берет", — дешет адистер.
Ал эми басып калгандан баштап беш жашка чейинки балдар чуркап, абдан активдүү ойногулары келет. Алардын кыймылы үчүн кенен убакыт берип, коопсуз аянтчаны жасоо оң. Борбордон мындай курактагы бөбөктөрдү да кароосуз калтыруу чоң тобокелчилик экендигин эске салышты.
Ымыркайдын бутун кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
ДССУ ара төрөлгөн балдарга "кенгуру ыкмасын" колдонууну сунуштайт
Жаңылыктар түрмөгү
0