Подмосковьеде дагы бир ири өрт чыгып, "Стройпарк" күйүп жатат. Видео

© Sputnik / Михаил ВоскресенскийПодмосковьеде ири өрт чыгып, "Стройпарк" күйүп жатат
Подмосковьеде ири өрт чыгып, Стройпарк күйүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
Жазылуу
Тилсиз жоонун кесепетинен тарткан чыгым 10 миллиард рублге жетери болжолдонууда.
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Москванын четиндеги Балашиха шаарындагы "Стройпарк" соода борборунан ири өрт чыкты. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен жазды.
Маалыматка ылайык, жалын ачык аянтта турган курулуш материалдарынан тутанып, андан ары имаратка жайылып кеткен. Өрттөнүп жаткан базардын аянты 10 миң чарчы метрге жетти. Соода борбордун бир кароолчусу жаракат алганы кабарланды.
Жалпы Россия камсыздандыруучулар союзунун маалымат кызматы тилсиз жоонун кесепетинен тарткан чыгым 10 миллиард рублге чукулдай турганын билдирди.
Белгилей кетсек, өткөн жумада эле Москванын жака белиндеги "Мега Химки" соода борборунда OBI курулуш дүкөнү өрттөнүп, 7 миң чарчы метр аянт күйгөн. Жалпы Россия камсыздандыруучулар союзу Россияда өрттөнгөн ири объект деп атап, келтирилген зыян 20-30 миллиард рубль болорун болжогон.
Подмосковьедеги МЕГА Химки соода борборунда өрт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2022
Подмосковьедеги "МЕГА Химки" соода борборунда өрт чыгып, жарылуу болду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0