Өлкөдө 100 үйгө 247 телефон, 15 компьютер туура келет. Кызыктуу статистика

© Фото / Pexels / Ivan Samkov Кыз үйдөн иштеп жаткан учурда. Иллюстративдик сүрөт
Кыз үйдөн иштеп жаткан учурда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
Жазылуу
Мындан беш жыл мурдагы убакытка салыштырмалуу көпчүлүк тиричилик техникаларынын саны көбөйгөн.
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстанда ар бир үйгө экиден ашык уюлдук телефон туура келет. Улуттук статистика комитети үй чарбаларында узак мөөнөткө колдонулуучу буюмдарды тизмектеди.
Ага ылайык, 2021-жылдын соңунда 100 түтүнгө 247 телефон туура келери көрсөтүлдү.
Турмуш-тиричиликке зарыл болгон буюмдардын саны төмөнкү санга туура келери (100 түтүнгө) айтылды:
Телевизор — 110;
Муздаткыч — 98;
Кир жуучу машина — 86;
Чаң соргуч — 42;
Компьютер — 15;
Магнитофон — 10;
Фотоаппарат — 3;
Радио — 2.
Буга чейин Кыргызстанда 100 үй-бүлөгө канча автоунаа туура келерин жазганбыз.
АКШ доллар купюрасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
Кыргызстандан Казакстанга которулган акча үч эсе өстү. Кайра келген агым аз
Жаңылыктар түрмөгү
0