Кыргызстандан Казакстанга которулган акча үч эсе өстү. Кайра келген агым аз

© AFP / DANIEL MUNOZАКШ доллар купюрасы. Архив
АКШ доллар купюрасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
Жазылуу
Быйыл Кыргызстандан Казакстанга которулган каражаттын көлөмү өсүп, ал эми кайра которулган акча азайып кеткен.
БИШКЕК, 1-дек.— Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга которулган акчанын көлөмү үч эсе өсүп, ал эми кайра которуунун агымы азайган. Бул тууралуу "Апенди бизнесмен" (Sputnik Кыргызстандын долбоору) Telegram-каналы жазды.
Казакстандын Статистика боюнча улуттук комитетинин акча которуу системасы боюнча транзакциялары анализге алынган. Төмөндө 2021, 2022-жылдардагы январдан октябрга чейинки маалыматтар салыштырылды. Казакстандын Улуттук банкы акча кандай валютада которулбасын, аны теңге менен эсептеген (декабрдын башына карата КРдин башкы банкынын курсу менен алганда 1 теңге – 18 тыйын).

Кыргызстандан Казакстанга кеткен акчалар

Былтыр (январь-октябрь) жылына 3 миллиард теңгеден которуп турушкан. Быйылкы жылдын башында акча которуулар төмөндөп, бирок апрелден тарта кескин көтөрүлгөн. Август айында коңшу өлкөгө кеткен акчанын көлөмү 17,7 миллиард теңгени чапчыган.
Анткен менен сандар кайрадан акырындап азайган, бирок сумма баары бир көлөмдүү болгон. Маселен, октябрда 10 миллиарддан ашык теңге жөнөтүлгөн.
Акча которуулар боюнча жалпы статистика:
январь-октябрь, 2021 — 27,6 миллиард теңге;
январь-октябрь, 2022 — 82,7 миллиард.
Тагыраагы, каражат которуу үч эсеге көбөйгөн.

Казакстандан Кыргызстанга келген акча көлөмү кандай болду?

Былтыр коңшу мамлекеттен Кыргызстанга айына 10 миллиард теңгеден келип турса, эмнегедир азайып баштаган (март, андан сырткары май-апрелди эсепке албаганда). Бул өзгөчө сентябрь, октябрга тиешелүү. Бул мезгилдери болгону үч миллиард теңгеге чейинки гана каражат жиберилген.
Албетте, жалпы статистикада да өзгөрүү байкалган. 2021-жылдын январь-октябрында Кыргызстанда коңшу бул мамлекеттен 122,8 миллиард теңге түшсө, быйылкы көрсөткүч 68,9 миллиардга жетип-жетпейт. Айырма бир топ эле сезилерлик.

Дагы бир салыштыруу

Өткөн жылдын октябрында Казакстандан Кыргызстанга 11 миллиард теңге жөнөтүшкөн. Ал эми аталган өлкөгө 3 миллиард суммадагы теңге кеткен. Эгерде быйылкы жылдын октябрындагы маалыматтарга көз чаптырсак, картина такыр башкача. Тагыраагы, Казакстандан 3,1 миллиарддан азыраак сумма келсе, Кыргызстанда аталган өлкөгө 10,4 миллиард теңге кеткен. Бул көрүнүш эмнеден улам болгону азырынча белгисиз.
Кыргызстандын желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Кыргызстанда экономиканын өсүшү болжолдонууда. ЕАӨБ атаган цифралар
Жаңылыктар түрмөгү
0