Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл тургуну. Архив
Айыл тургуну. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
Жазылуу
13-декабрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. 13-декабрь, шейшембиде, күн ачык болот. Айрым жерлерге туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Талас жергесинде -2...+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында -1...+4, Ысык-Көл облусунда +1...+6, Нарын өрөөнүндө -2...-7 градуска жетет.
Борбор калаада 0...-2 градуска чейин суук болсо, күндүн табы Ош шаарында +2...+4 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.
Шам кармап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
Электр кубаты маал-маалы менен өчүрүлө баштайбы? Аткаминердин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0