"Өмүрүнүн акырында абдан кыйналды". Тальковду өлтүрүүгө күбө болгон аял көз жумду

© Sputnik / Александр ПоляковАтактуу ырчы Игорь Тальков. Архив
Атактуу ырчы Игорь Тальков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2022
Жазылуу
Элли Касимати ырчы Азизанын директору болгон.
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Грецияда атактуу ырчы Игорь Тальковдун өлтүрүү ишине күбө болгон негизги адамдардын бири Элли Касимати каза тапты. Аял оор илдеттен көз жумган. "Московский комсомолец" басылмасы анын акыркы күндөрү азаптуу болгонун жазды.
Ал көп жылдар бою ырчы Азизанын директору болуп эмгектенген. Игорь Тальковду өлтүрүү учурунда ырчынын жанында болгондугу айтылып келет.
Тальков каза тапкандан кийин деле Элли Азизадан кеткен эмес. Бир нече жыл кызматташып жүрүп, кийин гана аталган тармакты биротоло калтыруу чечимин кабыл алган.
Өмүрүнүн акыркы жылдары Элли Грецияда жашаган. Аял шоу-бизнестен оолактап, кээ бир ырчылар менен гана байланышып турган. Бир нече убакыт мурда анын айыккыс дартка чалдыкканы аныкталган. Өтө катуу арыктап, 36 килограмм гана салмакта болуп, баса албай калган. ЖМКлар дарыгерлер колунан келген аракетин көргөнү менен Эллини сактап кала албагандыгын жазды.
Ырчы Андрей Губин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
"Тирүүлөй чирип баратам". Ырчы Андрей Губин ден соолугу начарлаганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0