Мелис Эшимканов бүгүн 60 жашка толмок... Жүрөккө тийген ок сөздөр

© Фото / из семейного архива Мелиса ЭшимкановаКоомудк ишмер, журналист Мелис Эшимканов. Архив
Коомудк ишмер, журналист Мелис Эшимканов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2022
Жазылуу
Эгемен кыргыз журналистикасынын баштоочуларынын бири, айтылуу "Асаба", "Агымдын" түптөөчүсү, журналист жана коомдук ишмер Мелис Эшимканов көзү тирүү болсо бүгүн 60 жашка толмок.
Чыгаан кесиптешибиздин таамай сөздөрүнүн айрымдарын терип чыктык. Баса, маркумдун мааракесин утурлай ага-ини Мелис, Эрнис Эшимкановдордун афоризмге айланган сөздөрү, ой толгоолору камтылган "Мелис менен Эрнис" аттуу жыйнак жарык көрдү.
© Фото / пресс-служба фонда имени Мелиса ЭшимкановаСборник цитат Мелиса Эшимканова
Сборник цитат Мелиса Эшимканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2022
Мелис Эшимкановдун 60 жылдыгы бүгүн ушул тапта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында өтүүдө.
Акыл үйрөткөнгө кыйынбыз. Бейкүнөө наристенин кейпин кийген "өнөрүбүздү" көрсө, кудайдын боору ооручудай.
***
Бейкүнөөлөрдүн клубун ачсак, балакет басып наристелерден башка эч кимди таппай калабызбы деп чочуйм. Же барбы?
***
Адам пендесинин түбөлүк табышмагы түбөлүк бүтпөйт көрүнөт.
***
Жакшынын жакшыдай да балээси болот.
***
Сөз менен иштин ажырымы – жер каймактагандан бери бүткүл адамзаттын тишин сындырган №1 көйгөй.
***
Өмүр максатыбызды жалаң жан кумар, күнүмдүк көр оокат, кара курсак менен чектеп, тирүү өлүккө айланып, дил азыкты куржалак калтырып, руханий, ыймандык, Кудай ыроологон табигый байлыктарыбызды жоготуп салганыбызды моюнга алгыбыз келбейт...
***
Шляпанын астындагы быкшыган баштын ичиндеги ыкшыган мээге революция жасабасак оңолбойт көрүнөбүз.
***
Көралбастыктын көрүнө сүйрөлүп, адамдар бири-бирин жек көрүү огу менен атып жатышат. Көздөрүн, көкүрөктөрүн чел басканынан кыямат кайым жакындаганын туюшпайт...
***
Оңдон соккон шамалды тыңшасаң – өпкүң келет, солдон сокконун тыңдасаң – сөккүң келет.
***
Күзгүдөн эч нерсени жашыра албайсың. Бардыгын көрүп турат. Ал эми андан өзүңдү бир сестентип, бир жоошутуп турган көздөрүңчү? Эр болсоң качып көр...
***
Кайда бармак элек? Эт комбинатына. Ишенбесеңер, асманды тыңшагыла. Абаны, теректи, канаттууну, сууну, күндү тыңдагыла...
***
Кек сактаган пенде тирүү өлүккө айланарын түшүнүш үчүн чоң акыл керекпи?
***
Жер каймактагандан не тарыхы, не адамзат жолу үтүр-чекитине дейре миллиард ирет кайталанганы – дайым коңгуроо, дайым эскертүү!
***
Коомчулуктун табияты ошондой, шамал айдаган жакка жапырылып турмай. Кечээги суу жүрөктөрдү бүгүн баатырга айлантышат, эртең кайра сөгүшөт, бүрсүгүнү таптакыр унутушат.
***
Абийир сотунун алдында күзгүгө каранып көрбөйлүбү? Бейкуттугубуз эртең көздөн учкан көк жээк болуп калбасын?..
***
Адамдын табияты кызык эле: өзгөрүлөт, кубулат, кайталанат. Ыйлаганы да бат, күлгөнү да бат. Жек көргөнү да бат, сүйүп калганы да бат.
***
Канчалык кыйын болсо Адам болгум келет.
***
Бир чындык бар – биз баарыбыз жылаңач келип, жылаңач кетебиз.
Кыргыз тилдүү эркин басма сөздүн баштоочуларынын бири Мелис Эшимканов жубайы Асел менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2021
Мелис тирүү болгондо... Асел Эшимканованын толгонуусу
Жаңылыктар түрмөгү
0